Кыргызстандагы баш аламандыктын уюштуруучуларын табуу оңой эмес

Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышуу атайлап уюштурулгандыгынан эч ким күмөн санабайт, бирок бүгүнкү күнгө чейин анын демилгечилери белгисиз бойдон калууда.

Кыргызстандагы баш аламандыктын уюштуруучуларын табуу оңой эмес

Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышуу атайлап уюштурулгандыгынан эч ким күмөн санабайт, бирок бүгүнкү күнгө чейин анын демилгечилери белгисиз бойдон калууда.

Who prompted ethnic hostility to reach a point where people painted “Kyrgyz” on their gates to save buildings from arson? (Photo: Inga Sikorskaya)
Who prompted ethnic hostility to reach a point where people painted “Kyrgyz” on their gates to save buildings from arson? (Photo: Inga Sikorskaya)

Жакында Кыргызстандын түштүгүндө этникалык топтордун ортосунда болуп өткөн кагылышууну үчүнчү күч тарабынан эки улуттун ортосуна от жагуу үчүн атайылап уюштурулгандыгын баары айтып жатышат, бирок тилекке каршы ал үчүнчү күч кимдер, кандай себептер менен акыркы жыйырма жылдын ичиндеги Кыргызстандын тарыхында мындай кандуу кагылышууну пландашты жана уюштурушту деген суроо жоопсуз бойдон калууда.

Бул коогалаңды каржылаган жана ишке ашырылышына ислам жоочулары, кимдир бирөөлөр тарабынан жалданган адамдар жана ушул жылдын апрель айында бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин жактоочулары кирет.

24-июнда Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматы коогалаңды уюштурууга ушул топтордун баарынын катыштыгы бар деп таң калыштуу билдирүү жасады. «Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Өзбекстандын ислам кыймылынын жоочуларын эки элдин ортосунда кагылышуу чыгаруу максатында жалдашкан. Андан сырткары өзбек коомчулугунун лидерлери да роль ойногон, - деп билдирди Улуттук коопсуздук кызматы.

Болуп өткөн окуяга карата түрдүү бүдөмүктөргө көптөгөн далилдер келтирилгени менен, алардын ар бири ар кандай суроолорду жаратууда жана бул билдирүүлөрдүн артында далилдер жокко эсе.

11-июндан баштап, бир нече күндүн ичинде Ош жана Жалал-Абад шаарларында болуп өткөн кан төгүүлөр мезгилинде, өлкөдөн 400 миңге жакын адам качып, алардын көпчүлүгүн өзбек улутундагылар түзгөн. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тополоң учурунда 290 адамдын өлгөндүгүн кабарлады.

Окуянын күбөлөрү жана эксперттер кандуу окуя көп жылдар бою топтолгон этникалык топтордун ортосундагы карама-каршылыктын жарылышы эмес, бул кимдир бирөөлөр тарабынан атайлап жасалган деп ишенимдүү айтып жатышат.

«Түштүктө болгон кандуу окуя – бул саясий провокация. Албетте кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кээ бир көйгөйлөр болгондугун жашырбаш керек, бирок бирин-бири өлтүрүүгө чейин барбайт эле», - деди саясат таануучу Марат Казакпаев. (Биздин «Кыргызстандагы кагылышуунун себебин изилдөө» - деп аталган макалабызда - IWPR Institute for War & Peace Reporting түштүктөгү эки элдин ортосундагы бири-бирине ишенбөөчүлүктөрдү жараткан көмүскөдөгү көйгөйлөрдү изилдөөгө алып жатат).

«Ошто жашаган өзбектер менен кыргыздарды бири-бирин өлтүрүүгө чейин кайраштыруу үчүн көп акча жана кийлигишүү талап кылынаары баарына эле белгилүү», - деди өзүн Ташбулат деп тааныштырган жергиликтүү өзбек улутунун тургуну.


КУРАЛДАНГАН АДАМДАР УЮМДАШКАНДАЙ СЕЗИЛИШТИ

Күбөлөрдүн айтымында, көчөлөрдөн көрүшкөн куралданган адамдар кээ бирлери жөө жүрүшсө, кээ бирлери автоунааларда жүрүшкөн жана өздөрү орноткон текшерип өткөрүү тосмолорундагы элдер өздөрүнүн бир канча деңгээлде уюшулгандыгын көрсөтүшкөн, алар башкарууга болбой турган элдин жоон тобу эмес эле. Аларга берилген сүрөттөмөлөргө караганда, негизинен алар шаардыктар эмес, алар айыл жеринен келишкен кыргыздардын жана чет элдик жарандардын түспөлүн чагылдырган.

Өз атын атагысы келбеген Ош шаарынын тургуну, автоунаага толгон, беттерине маска кийген адамдар ал жашаган район аркылуу кыргыздарды өлтүрүүгө чакырык таштап өткөндүгүн көргөндүгүн айтты. Бир аз убакыт өтпөй ошол эле жерден жогорудагыдай автоунаа өзбектерге карата кол салууга чакырык жасап өткөндүгүн кошумчалады. «Бул атайылап жасалган провокация экендигин ишенимдүү айта алам», - деди ал.

IWPRдын редактору Инга Сикорская окуя болгон мезгилде Ош шаарында болгондуктан, ал бул коогалаңдын кылдаттык менен пландаштырылып жана уюштурулгандыгын баамдагандыгын айтты.
Көчөдөгү куралданган эркектерге тамак-ашты алып келип берип турушкандыгын, автоунаадагы адамдар белгилүү бир райондорго бет алышып, куралдуу кол салуу алдын ала координацияланган план боюнча аракеттенишкендигин айтты.

«Иш-аракеттер өтө тактык менен уюштурулган. Бир туруп шаардын бир жеринде, кайра эле шаардын башка бир районунда уюштурулган түрдүү акциялар орун алып жатты», - дейт ал.

Кагылышууга катышкан элдер жөнүндө ал: «булар кечээ эле колуна курал алган карапайым элден болушу мүмкүн эмес эле. Алар эс-акылы менен атып жатышты. Менимче элдин топтолгон жоон тобу менен кандай иштеш керек экендигин, аларды кантип башкарууну жакшы билген кимдир-бирөө башкарып тургансыды. Алардын көпчүлүгү тынбай телефон менен сүйлөшүп жатышты. Андан кийин топтолгон эл менен автоунаага отуруп кетип жатты», - деп кошумчалады.

Сикорская кагылышуу болгон күнү ким менен сүйлөшпөсүн, алардын баары шаарда олуттуу бир нерсе болоорун билишкендигин айтышкан.

«Баары муну билишкен, бул күтүлгөн нерсе болчу, бирок эч ким мунун алдын алууга аракеттенген жок», - деди ал.

Ош шаарындагы Шаробидин аттуу ишкер, бул окуя атайын даярдалган деген пикирге кошулаарын айтты.

«Мен мурдагы аскер адамы катары мындай чоң операция көп пландоону, көп убакытты талап кылаарын билем. Кимдир бирөөлөр бул башаламандыкты жана кандуу жаңжалды узак убактан бери даярдап пландаган», - деди ал.

Жалал-Абад областынын коменданты болуп дайындалган Кубатбек Байболов IWPRга, бул коогалаңды чыгарууда провокация жасаган деп шектелип жок эле дегенде 30 чакты адам кармалгандыгын билдирди.

«Жалданып алынган адамдар жана жергиликтүү провокаторлор өзбек тараптан да кыргыз тараптан да болгон», -деди ал.

Адам укуктары боюнча БУУнун комиссариаты башаламандык пландалган жана макулдашылган түрдө болгондугу айтылган билдирүү таратты.

«Биз окуя жөн жерден эле чыга калган этникалык кагылышуу эмес, бизде ал кандайдыр бир деңгээлде уюштурулуп, белгилүү бир максатты көздөгөндүгүн, болгондо да жакшылап пландаштырылгандыгын көрсөткөн белгилер бар. Каршылашуу Ош шаарында бир мезгилде беш жерден бирдей куралдуу кол салуу болгон, баштарын жоолук менен ороп алган адамдар тарабынан башталган. Алар кандайдыр бир реакцияга жетүүгө аракеттенип жаткандай көрүндү. Мисалы кол салуулардын биринчиси кылмышкер топтордун машыгуу залында орун алган. Менимче, мунун артында абалды туруксуздаштырууну көздөө тургансыды», - деп билдирди БУУнун Жогорку комиссариатынын өкүлү Рулерт Колвилл.

«КЫРГЫЗ САЯСАТЧЫЛАРЫНАН ӨЗБЕК ИСЛАМИСТЕРИНЕ»

Эгер куралданган эл уюштурулган болсо, алардын иш-аракетин кимдер башкарып турду деген олуттуу суроо келип чыгат.

Каршылыктын чыгышына карата кеңири таралган көз караштардын бири, бул коогалаңга мурдагы президент Бакиевдин талапкерлери күнөөлүү. Апрель айынын башында Убактылуу өкмөттүн бийликке келгенден тарта өлкөнүн коопсуздугуна бир катар коркунучтар болду жана бардык учурда мурдагы президенттин талапкерлери күнөөлөнүүдө.
Мындай ой-пикирлер тура эмес деп эч ким айта албайт. Башкаруучу элитанын кокусунан жергиликтүү жана улуттук деңгээлде бийликтен ажырашы албетте алардын нааразычылыгын туудурат, саясий укуктарды жоготуу бул экономикалык булактарга ээ болуу укуктарын жоготуу дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан кулатылган жетекчилердин өлкөдө жаңы лидердин жардамы менен бийликти кайрадан алууга аракеттенүүсүнүн көп себептери бар.

Бирок Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстандын түштүгүндө чыр-чатакты чыгаруу үчүн атайын чет жактан ислам согушчандарын жалдашкан деп өтө аша чапкан билдирүү жасады.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 24-июндагы билдирүүсүндө, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Дубайда Өзбек ислам кыймылынын (ИДУ) өкүлдөрү менен жолуккандыгын кабарлады. Ал жерде Бакиевдин үй-бүлөсүнүн эки мүчөсү келишим түзүшкөн, ал келишимге ылайык, Өзбек Ислам Кыймылы, алардын Талибандар тараптагы жактоочулары жана 1992-1997-жылдырдагы Тажикстандагы жарандык согушка катышкан партизандардын калдыктары май айында чогулушкан. Бакиевдин үй-бүлөсү Өзбекстандын Ислам Кыймылына алардын иш-аракети үчүн 30 миллион доллар төлөөгө макулдугун беришкен, - деди Дүйшөбаев.

Өзбек Ислам Кыймылы 1990-жылдардын башында Өзбекстандын Наманган шаарында иш жүргүзгөн исламчылардын топторунан пайда болгон. 1990-2000-жылдарда Өзбекстан менен Кыргызстанда бир нече жолу жасалган күтүүсүз текшерүүлөрдөн кийин алар Таджикстанга, кийинчерээк Авганистанга жер которушкан.

Дүйшөбаевдин билдирүүсүндө, май айында Кыргызстанга атайын машыгуулардан өткөн көтөрүлүшкө катышуучулар жөнөтүлгөндүгү айтылган. Алар ИДУга эмес, башка бөлүнүп чыккан – Ислам жихад Союзуна таандык болгон. 30 миллион доллар чынында эле ушул максатка сарпталганбы деген суроо түшүнүксүз бойдон калууда.

Кыргызстандагы аналитиктер Улуттук Коопсуздук Кызматынын билдирүүсү көп суроолорду туудураарын көрсөтүшүүдө.

Соңку жылдары куралданган ислам радикалдарынын майда топтору Борбордук Азиянын үзгүлтүксүз баш оорусу болуп келүүдө. Белгилүү бир учурларда ИДУ кыймылы чөлкөмдө куралдуу кол салууларды уюштурууга дараметтүү абалга жеткен учурлар болгон. Кыймылдын негизги максаты чөлкөмдө светтик түзүлүштү кулатуу болгондугун эске алганда, алар эмне үчүн бир элитанын башка бир топтор менен болгон күрөшүн колдомок эле деген суроо туулат. Ошондой эле, эмне үчүн Бакиевдер өздөрү сыяктуу элита өкүлдөрүн кулатууну көздөгөн күчтөрдү жалдамак эле деген түшүнүксүз ойлор жаралууда.

Жыйнтыктап айтканда Кыргызстандын түштүгүндөгү исламчыл маанайдын пайда болгонуна карабастан, IWPR Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышууда бир дагы ачык диний себепке далил таба алган жок. Мисалы ислам согушчандары сыяктуу кийинген эркектер өз идеясын жайылтмак. ИДУнун өзү, алардын мүчөлөрү негизинен өзбек улутунун өкүлдөрү болсо да, башка мусулман этникалык топторго карата душмандык көрсөтүшпөйт.

Ушундай көз-караштар Бишкектеги «Дин. Укук. Саясат» борборунун жетекчиси Кадыр Маликов сыяктуулардын коогалаңга карата жасалган расмий маалыматтарга карата шектенүүлөрүн туудурууда.

«Менин оюмча Өзбекстандын Ислам кыймылы түштүктөгү башаламандыктарга катышкан эмес. Бул багыттагы эксперт катары бул ИДУнун идеологиясы менен карама-каршы келет деп 100% ишендирип кете алам. Эки мусулман улутунун ортосунда кагылышууну тутандыруу ИДУ кыймылына эч бир туура келбейт.», - деди Кадыр Маликов.

Бишкектеги «Седеп» изилдөө борборунун директору Орозбек Молдалиев Улуттук Коопсуздук кызматы өз билдирүүлөрүнүн эч бирине далилдерди сунуштай алган жок - деп белгиледи.

«ИДУ кыймылы этникалык топтордун ортосунда кагылышууларды тутандыруу максатын көздөбөйт, алардын идеясы ислам мамлекетин куруу. Эгер баш-аламандыктардын уюштуруучусу ИДУ кыймылы боло турган болсо, алардын халифатты түзүү сыяктуу чакырыктары болмок жана жок эле дегенде, түштүктө бийликти басып алууга жетишишмек», - деди ал.

Кыргызстандын УКМКы бир катар Бакиев менен кызматташкан өзбек коомчулугунун лидерлерин жана ИДУ кыймылынын иш улантуучуларын күнөөлөдү.

Буга чейин алардын көптөгөн саясий укуктарды алуу жана өзбек тилинин макамын көтөрүү максатында өткөрүшкөн иш-чараларын эске алып, коопсуздук кызматы: «алар өздөрүнүн саясий талаптарын ишке ашыруу үчүн террористтер жана бакиевдик күчтөр менен биригишкен», - деп билдирди.

Дагы деле болсо далилдердин жоктугунан бул курулай соз бойдон калууда. Өзбектер Кыргызстандын түштүгүндөгү калктын көпчүлүгүн түзүп, бир топ экономикалык таасирге ээ, бирок Бакиевдин учурунда алар өлкөнүн саясий турмушуна катышышкан эмес. Ошондуктан өзбек коомчулугунун лидерлеринин Бакиевдин ордуна келген Убактылуу өкмөттү колдоосун шарттады. Ушул себептен Бакиевдин талапкерлери аларды каралап жергиликтүү кыргыз калкын аларга каршы кайраштырышы мүмкүн деген да ойлор пайда болду. Биздин «Кыргызстандагы этникалык карама-каршылыктардын элеси» - деп аталган макалабызда- IWPR Institute for War & Peace Reporting май айында орун алган этникалык кагылышуулар сүрөттөлгөн, ошол эле жерде өзбектердин өкмөткө карата позициясы каралган.

Эгер чыр-чатактын демилгечилери ИДУ кыймылындагы өзбектер жана жергиликтүү бийлик боло турган болсо, анда эмне үчүн Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугу жабыр тарткан тарап болуп чыга келди? Эмне үчүн дал ошолордун үй-жайлары өрттөлүп, дал ошолор чегарага карай качышты?

Ошол эле мезгилде эксперттер Молдалиев жана Маликов, эгер түштүктөгү чыр-чатакты чыгарууга жалданган адамдар колдонулган болсо, алар же ИДУ кыймылынын мүчөлөрү же башка көз карандысыз уюмдардан болушу мүмкүн эле.

Бишкектеги коопсуздук боюнча эксперт Леонид Бондарец Кадыр Маликовдун түштүктө абалды туруксуздаштырууга кызыкдар бир катар күчтөр уюшулган кылмыштуу топтор, баңги заттарды сатууга байланышы болгон топтор жана түрдүү жааттагы саясатчылар болгон деген пикирин колдойт.

Жалал-Абад областынын коменданты Кубатбек Байболов шектелген кылмышкерлердин ичинде Бакиевдин жактоочулары болгондугун, бирок алар абалды туруксуздаштырууга умтулган жападан жалгыз саясий күч эместигин айтты. Убактылуу өкмөткө нааразы болгон топтор жана эч бир тарапка тиешеси болбогон, башаламандыктан пайдаланып бийликке келүүнү каалаган саясий күчтөр да бар экендигин белгиледи.

Ош шаарынан Акмал аттуу өзбек улутундагы ишкер чыр-чатак «улутчулдар же бакиевдик күчтөр тарабынан эмес, түрдүү кылмышкер топтордун колу менен жасалгандыгына ынангандыгын айтты».

Ал мындай жыйынтыкка элдерди уурдоо фактыларынын санынын өсүшүнүн негизинде келди. Анын досторунун бири бир тууганын бошотуу үчүн 500 доллар өлчөмүндөгү акчаны төлөгөн. Ал эми Акмалдын бир тууганы азыркыга чейин табылган эмес, уурдап кеткендер байланышка да чыгышкан эмес. Ал эми жоголгон адамдын туугандары акча топтоп даярдап коюшкан.

Ал өзү да талап тоноочулардан жабыр тарткан, анын чөнтөк телефонун тартып кетишкен. Алар кыргыз улутундагы жаштардан турган топтордун бирөөсү эле. Аларды шаардын борборуна карай жөө кетип жатканда бет маңдайынан жолуктурган. Бул топ уюмдашкан эле, алардын ар биринде номери жок автоунаалары болгон жана алар көчөдөн өткөн элдердин буюмдарын ачык эле тартып алышкан. Качан жаштардын жоон тобу анын телефонун тартып алган учурда ага алыс эмес жерде турган милиция кызматкери таксиге түшүп кетип калган.

Айнагүл Абдрахманова жана Исомидин Ахмеджанов – Кыргызстада, IWPRдын атайын тренингинен өткөн Кыргызстандык журналисттер.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

 

Kyrgyzstan
Conflict
Frontline Updates
Support local journalists