Кыргызстандагы этникалык карама-каршылыктардын элеси

Өлкөнүн түштүгүндөгү орун алган кагылышуулар өлкөдө улантылып жаткан саясий туруксуздукта коркунучтуу көрүнүш болду.

Кыргызстандагы этникалык карама-каршылыктардын элеси

Өлкөнүн түштүгүндөгү орун алган кагылышуулар өлкөдө улантылып жаткан саясий туруксуздукта коркунучтуу көрүнүш болду.

Monday, 24 May, 2010

Кыргызстандын түштүк аймагында жайгашкан Жалал-Абад шаарында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы кагылышуулардын натыйжасында эки адам өлүп, ондогон адамдар жарадар болушту. Мындай окуядан кийин Жалал-Абад тургундары дагы ушундай окуяларга даяр турууга камданышууда.

Негизинен кыргыз улутунан турган көптөгөн жаштар 19-май күнү өзбек коомчулугуна тиешелүү болгон университеттин алдына чогулушкан. Алар кире бериштеги милиция тосмолорун бузуп өтүшкөн, бирок коопсуздук кызматы катуу каршылык көрсөткөндүктөн имараттын ичине кире алышкан эмес.

Ушул учурда ок атуулардын үнү угулган, бирок кайсыл тараптан атылгандыгы түшүнүксүз бойдон калууда.

IWPRга билдирген окуянын күбөсүнүн айтымына караганда көрсөтүлгөн каршылыктар калың эл тобун артка чегинүүгө аргасыз кылган. «Качан биринчи адам курмандыгы болгондон кийин гана топтолгон элдердин жоон тобу короонун сыртына чыкты», - дейт ал.

Убактылуу өкмөт Жалал-Абад шаары жана ага жанаша жайгашкан Сузак районуна өзгөчө абал киргизүү тууралуу Декрет кабыл алгандыгын жарыялады. Ага ылайык аталган аймактарда кечки саат сегизден таңкы алтыга дейре коменданттык саат киргизилди. Бул баш аламандыктардын уюштуруучулары кулатылган президент Бакиевдин жактоочулары деп күнөө коюлууда.

Бакиев өлкөнү таштап чыгып кетип, Белоруссия өлкөсүндө жүрсө да, анын жактоочулары бүгүнкү күнгө чейин төңкөрүш жасоого аракет жасап жатышат деп айтышууда. Өткөн жуманын соңунда көтөрүлүшкө чыккандар Ош жана Жалал-Абаддагы административдик имаратты кыска убакытка басып алган көрүнүштөр орун алганда, Убактылуу өкмөт Бакиевдин мезгилинде иштешкен кээ бир чиновниктерди аны уюштурууга катыштыгы бар деп күнөөлөшкөн эле.

«Кыргызстандагы Убактылуу өкмөт өлкөдө жарандык согуштун чыгып кетишине жол бербейт», - деп билдирди Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев 24.kg. маалымат агенттигине. «Бакиевдин жактоочулары алгач Убактылуу өкмөткө каршылык көрсөтүүгө аракет жасашты, бирок качан биз аларга туруштук бере алгандан кийин гана алар улут аралык мамилени бузуп-жарып, этникалык кагылышууларды чыгарууга аракеттенишүүдө», - деди ал.

Жалал-Абаддагы болгон окуя этникалык кыргыздар менен көп сандаган өзбек коомчулугунун ортосундагы карама-каршылыктын чыгып кетүү коркунучу бар экендигинен кабар берет.

19-майда эртең менен Жалал-Абаддагы «Телтору» ат майданында беш миңге чукул элдин чогулушу карама-каршылыктын бышып жетилишин көрсөттү.

IWPR тарабынан сурамжылоого алынган жергиликтүү тургундун билдиришинче, ат майданга негизинен кыргыз улутундагы жаштар чогулушкан, ага жеткен маалыматтарга караганда, алар жергиликтүү тургундар эмес. Азаттык радиосунун кабарчысынын айтымында, көтөрүлүшкө чыккандардын колунда Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси, саясатчы, ишкер Кадыржан Батыровго каршы жазылган жазмалары бар эле.

Ат майданына чогулган элдин калың тобун милиция кызматкерлери кууп таркаткан эмес, алар калың топ багыт алган шаарга баруучу жолду гана тосуп турушкан, бирок көтөрүлүшкө чыккандар шаарга кирип барышкан. Түшкө маал 5 миңге чукул адам шаардагы негизги аянтка чогулушкан.

Көтөрүлүшчүлөрдүн калың тобу элдер достугу Университетин карай бет алышкан, аянтта милиция кызматкерлери аз болгон.

Бул университетти Батыров негиздеген, анын аймагында Өзбек маданий борбору, гезит редакциясы, басмакана жана менчик мектеп да орун алган. Кадыржан Батыровдун офиси да Университеттин аймагында жайгашкан.

Окуянын күбөсүнүн айтымында, көтөрүлүшчүлөрдүн калың тобу жакындап келип калганда, ОМОН аскерлери университеттин имаратын курчоого алышкан. Милиция кызматкерлери бир нече жолу эскертүү огун асманга аткан, бирок бул эч кандай натыйжа берген эмес.

Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун программалык координатору Абдумалик Шарипов милиция кызматкерлеринин саны көп эмес эле деген ойго кошулат.

«Көтөрүлүшкө чыккан жаштар университеттин имаратын таш бараңга алышты. Ал жерде 50гө жакын гана аз сандагы милиция кызматкерлери болгондуктан, алар калың топко туруштук бере алышкан жок», - деди Шарипов IWPRга.

Көтөрүлүшчүлөр университеттин коргоочуларын бузуп өтө албагандан кийин гана короонун сыртына чыгышкан. Түшкө жакын аянтка 1000ге жакын адам кайрадан кайтып келишкен.

Батыров IWPRга берген маегинде, 19-майдагы баш аламандык Бакиевдин жактоочуларынын колдоосу менен криминалдык элементтер тарабынан уюштурулду деген божомолун айтты.

«Тилеккке каршы тартип коргоо органдары бул баш аламандыктарды ким уюштургандыгы жөнүндөгү биздин маалыматыбызга кош көңүл мамиле кылып коюшту. Алар (уюштуруучулар) Кара Айбектин кылмышкер топторунан балдарды чогултушкан жана аларды ичиришип, өзбектерге каршы тукурушкан», - деди Батыров.

Өткөн жуманын соңунда Жалал-Абадда болуп өткөн Убактылуу өкмөткө каршылык көрсөтүү акциялары учурунда Батыров өзбек коомчулугу каршылык көрсөтүүлөргө катышпай тургандыгын айтып, Убактылуу өкмөттү колдоп чыккан эле.

Бишкектеги «Полис-Азия» борборунун серепчиси Павел Дятленко, этникалык карама-каршылык Кыргызстандын туруксуздугун дагы курчута тургандыгын айтты.

«Эгер кимдир бирөө абалды туруксуздаштырууну кааласа, ал эң коркунучтуу жолду тандап алды», - деди ал.

Тең салмаксыз мамлекеттик саясаттан улам топтолгон нааразычылыктардын болушу, этникалык мамилелердин өтө аяр экендигин көрсөтүп турат.

«Бүгүнкү болуп өткөн окуялар жөн жерден, же кокусунан эле чыга калган нерсе эмес. Саясий элитанын курамы да республиканын көп улуттуу мамлекет экендигинен кабар бербей тургандыгын көрсөтүп турат»,- деди ал.

Дятленконун пикиринде, түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн өзбектердин да, кыргыздардын да ичинде чоң кадыр-баркка ээ болгон адамдарды чакырып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек. Ушундай жолдор менен алардын ортосундагы мамилени калыбына келтирүү мүмкүн.

Ал 1990-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяны эскерип өттү. Анда жер маселесине байланышкан чыр-чатактын натыйжасында 150 адам курман болуп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон эле.

«Бул кайгылуу окуяга 20 жыл болсо да, бул окуя элдин эсинен кетпейт. Көптөгөн адамдар бул окуяны ийне-жибине чейин эскеришет», - деди Дятленко.

Илья Лукашов – Кыргызстандагы эркин журналист жана Дина Токбаева –IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists