Кыргызстандык партиялар коалиция түзүүгө киришишти
Президент расмий түрдө бир партияны тандап курама өкмөттү түзүүнү сунуштаганга чейин эле, парламенттик көпчүлүктү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды.
Кыргызстандык партиялар коалиция түзүүгө киришишти
Президент расмий түрдө бир партияны тандап курама өкмөттү түзүүнү сунуштаганга чейин эле, парламенттик көпчүлүктү түзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо бир да партия таза жеңишке жетише алган жок. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештен орун алган беш партия курама башкарууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты. Ушул курама башкаруу кийинки премьер-министрди көрсөтөт.
10-октябрда өткөн шайлоо тынч өттү. Өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бийликтен кетүүсүн шарттаган апрель окуялары, андан кийинки 400 адамдын өмүрүн алган июндагы коогалаңды эске алганда, бул чоң жетишкендик болду. Шайлоонун өтүү процесси эл аралык байкоочулар тарабынан чоң баага татып, алар шайлоону жалпысынан эркин жана акыйкат өттү деп баалашты.
«Кыргызстан шайлоону белгиленген плюрализмде, шайлоо уюмдарына көз карандысыз, негизинен мыйзамды сыйлоо менен өткөргөндүгүн, соңку бир-эки жума көрсөттү», - деп белгиледи шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча узак мөөнөттүү миссиянын башчысы Корин Енкер.
24kg маалымат агенттиги билдиргендей, 13-октябрда өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын адилет министри Аида Салянова келечекте саясий окуялардын мыйзамдуу өнүгүшү тууралуу өз оюн билдирди. Анын айтымында, шайлоо жыйынтыгындай бир да партия көпчүлүк добушту ала албагандыктан, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева беш пайыздык тоскоолдуктан өткөн партиялардын бирине коалиция түзүү өтүнүчү менен кайрылат.
Эгер, жеңишке жетишкен партиялардын бири башка партиялар менен парламенттик көпчүлүктү түзгөндөй биримдик түзүүгө жетишсе, президент ага өз маакулдугун берүүдөн башка жол жок. Ошондуктан, учурда беш пайыздык тосмодон өткөн партиялардын баары тең өкмөт түзүү максатында өз ара сүйлөшүүлөрдү кызуу башташты.
Коалицияны түзүүнүн эки негизги жолу бар. Алардын бири башка партияларга караганда көп добушка ээ болуп, парламенттеги 120 орундун 28ине ээ болгон «Ата-Журт» партиясынын коалицияга катышуусу божомолдонууда.
«Ата-Журт» – Кыргызстандын түштүгүндөгү шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгүнүн колдоосун багындыра алган жаңы саясий күч жана алар өздөрүн «улутчул-патриоттор» партиясы деп аташат, бирок улутчулдук көз караштарды карманат деген сындоолорду четке кагат.
Экинчи жолу – СДПК жана «Ата-Мекен» партияларынын өкүлдөрүнүн бир бүтүмгө биригиши. Бул партиялар шайлоодо экинчи жана бешинчи орундарга ээ болушуп, ага ылайык 26 жана 18 депутаттык орунга жетишишти. Эки партия тең апрелде Курманбек Бакиевдин бийлигин кулаткан Убактылуу башкаруучулар менен тыгыз байланышта. Бул партиялардын мүчөлөрү бүткүл өлкө боюнча бийликте бир катар маанилүү кызматтарда иштешет.
Мыйзамда талап кылынган парламентте көпчүлүккө ээ болуу үчүн бул партиялар 25 депутаттык мандаты бар «Ар-Намыс» же 23 депутаттык мандаты бар «Республика» партиялары менен сүйлөшүп алардын колдоосуна ээ болуулары зарыл.
Белгилүү саясат таануучу Марс Сариев эки коалициянын – «Ата-Журт» жана «Ар намыс» коалициясы жана Социал демократтар менен «Ата Мекендин» коалициясынын – теңтайлашуусун божомолдойт. Бул эки топ «Республика» партиясы үчүн күрөшүшөт. Министрлер кабинетин түзүү үчүн аларга үчүнчү партия зарыл дейт ал.
Саясат таануучу Валентин Богатыревдун божомолунда, бул эки биримдиктен сырткары да күтүлбөгөндөй коалиция түзүлүшү мүмкүн. Анын айтымында өз ара кызмат орундарын бөлүштүрүү боюнча бир бүтүмгө келе алышса үч партия деле өз ара коалиция түзүшү мүмкүн.
«Ошону менен бирге алар 2011-жылдын аягында боло турган президенттик шайлоого карата да биргелешкен позицияларын иштеп чыгышат», - дейт Богатырьев.
Окуялардын мындай түрдүүчө өнүгүшү үстүбүздөгү жылдын июнь айында өлкөдө парламенттик демократияны курууга багытталган жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышынан улам түзүлдү. Анткени жаны Баш мыйзамда Кыргызстанды буга чейин орун алган авторитардык башкаруудан арылтуу максаты көздөлүп, парламентке көп, ал эми президентке азыраак ыйгарым укуктарды берүү шартталды. Натыйжада көпчүлүк ыйгарым укуктар парламентке берилди. Шайлоонун жүрүшүндө бир дагы бийликте турган партия жеңишти өзүнө ыйгарып ала алган жок. Парламенттеги депутаттык орундар 90дон 120га көбөйтүлдү. Шайлоого 29 партия катышты.
Жергиликтүү серепчи Марс Сариевдин пикиринде, учурда өлкөдөгү бардык күчтүү саясий топтор парламентке келишти. Мындай көрүнүш өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылат деп ишенүүгө болот. Ошону менен бирге эле коомчулукта «Ата-Журт» партиясы бакиевчил күчтөр экендигин жана алар келечекте качып кеткен президентти Белорусиядан алып келет деген ушак айың айтылууда.
Марс Сариевдин пикиринде, окуя мындай өнүгүшү мүмкүн эмес.
«Жаңы парламентке өлкөдөгү негизги саясий күчтөр келишти. Парламентке келбей калган күчтөр өлкөдө башаламандыкты уюштурууга кудурети жетет деп ойлобойм. Ошондуктан учурда расмий эмес сүйлөшүүлөр орун алууда. Алар өз кызыкчылыктарына ылайык өлкөнүн административдик жана финансылык ресурстарын бөлүштүрүү боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүүдө. Бакиевдин реваншы тууралуу сөз кылбай деле койсок болот», - дейт Сарив.
Москвадагы Борбор Азия боюнча Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенко эң башкысы жеңишке жетишкен партиялар бийлик үчүн күрөшүүнү парламенттин имаратынан чыкпай жасашса болгону дейт.
«Партия лидерлеринин баары абдан амбициялуу. Өз ара тил табуу өтө кыйын экенине карабастан ал зарыл нерсе. Эгерде алар өз ара келише алышпаса бардыгы үчүн жаман болот», - дейт ал. Учурда бийлик үчүн күрөш жүрүүдө. Эгерде ал парламенттик ыкма менен жүрсө абдан жакшы жана бул чөлкөмдөгү биринчи, оңой эмес парламенттик демократия жеңил желпи эле иш жүзүнө ашырыла баштады дегендикти билдирет.
Саясий күчтөрдүн экиге бөлүнүүсү тууралуу Малашенко мындай дейт: «Мен ашынган кыргыз улутчулдугу болот дегенге ишенбейм. Бирок мындай тенденция бар жана аны жокко чыгарууга болбойт. Башкысы мында түндүк-түштүк картасын эч ким ойнобошу зарыл».
Богатыревдин пикиринде келечекте түзүлгөн курама өкмөт жемиштүү иштеп кетиши башкы маселе. Эгерде кандайдыр бир партиянын министри өкмөт башчысына баш ийбей турса мындай көрүнүш ушундай оор кырдаалда турган Кыргызстан үчүн өлүмгө тете иш болот.
Павел Дятленко – Бишкектеги «Полис Азия» Борборунун эксперти. Тимур Токтоналиев –IWPRдын машыгууларынан өткөн Кыргызстандагы журналист.
Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.