Кыргызстандагы шайлоолор: кеңири тондоо мүмкүнчүлүгүбү же мурдагы шайлоолордон айырмасы жокпу?

Шайлоодо электораттын тандоосуна коюлган көптөгөн партиялардын ичинен, саясий элита түзүлгөн кырдаалга мыкты ыңгайланышууда.

Кыргызстандагы шайлоолор: кеңири тондоо мүмкүнчүлүгүбү же мурдагы шайлоолордон айырмасы жокпу?

Шайлоодо электораттын тандоосуна коюлган көптөгөн партиялардын ичинен, саясий элита түзүлгөн кырдаалга мыкты ыңгайланышууда.

Thursday, 30 September, 2010

Кыргызстанда алдыда боло турган парламенттик шайлоого партиялардын рекорддук саны ат салышып жатканына карабастан, ушуга таянып шайлоочуларга кеңири саясий тандоо берилди деп айтуу кыйын.

Ошону менен катар, Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон 20 жылдан бери өлкөдө бир калыпта жашап келген саясий элитанын ичинде атаандашуулардын болуп жаткандыгын байкоодобуз. Депутаттыкка коюлган кандидаттардын тизмесине көз салганда эле жаңы парламентке «жаңы адамдар» эмес, тажрыйбалуу саясатчылар келишээрин божомолдоого болот.

Июнь айындагы жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Конституциялык өзгөрүүлөр Кыргызстандагы саясий күчтөрдүн жайгашуусун түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган. Ага ылайык, президенттин колуна ашыкча ыйгарым укуктарды топтогон башкаруунун президенттик системасы алмашылат: 10-октябрда чоң ыйгарым укуктарга ээ болгон парламент шайланат, ал эми өкмөт бир топ көз карандысыз болот.

Мунун жыйынтыгы жакшы эле болуш керек. Бирок, Кыргызстанда саясий жана экономикалык чөйрөнүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүү саясий элитанын 150-200 үй-бүлөсүнүн ортосунда бөлүштүрүлгөндүктөн, жыйынтыгы биз күткөндөн башкача болуп калышы да толук ыктымал.

Кыргызстандын мурдагы эки президенти тең – Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев – өз үй-бүлөсүнүн, туугандарынын колуна чектен көп ашыкча саясий, экономикалык ыйгарым укуктарды топтоп, бизнестеги аристократтардын жана администрациянын кызыкчылыгы менен эсептешпей калгандыктан улам өз кызматтарынан кулатылды. Учурда саясий элита бийликти президент, премьер-министр, төрага жана парламенттин депутаттарынын ортосунда бөлүштүрүү менен, бийликтин бир адамдын колуна топтолушуна жол бербөөгө далалаттанууда.

Кээ бир партиялардын тизмесинде пайда болгон жаңы адамдардын бир бөлүгү ошол партиялардын лидерлеринин туугандары (алардын көпчүлүгү мурдагы эле ысымдар), андай болбогон учурда, алардын берилген талапкерлери, же өздөрү топтогон капиталды саясий бийликке айландыргысы келген ишкерлер. Ошондой эле партиялардын тизмесинен спорт чөйрөсүнүн жана шоу-бизнестин белгилүү адамдарын кезиктирүүгө болот, бул партиянын жана анын лидеринин элге жакындыгын даңазалоо максатында жасалууда.

Өз катарларына ушул сыяктуу жаңы мүчөлөрдү тартуу менен, сырттан келген жаңы адамдарга, алар канчалык таланттуу болсо да, аларга жол бербей саясий элитанын өкүлдөрү парламенттик шайлоону өз позицияларын сактап калуу максатында пайдаланып жатышат. Андан сырткары алар кийинки муундун саясатчылары ошол эле элитанын өкүлдөрүнөн туруусуна ишенгилери келишет.

Мындай мезгилде көпчүлүк жарандар үмүттөнгөн түп тамырынан берки өзгөчөлөнгөн жаңы системанын ордуна, Кыргызстанда, президенттик республика түрүндө, президенттик автократия үй-бүлөлүк кландык олигархия менен эле алмашылып калуу коркунучу бар.

Иш жүзүндө электорат эмнени каалайт, - шайлоочулардын көпчүлүгү өз тандоосун стабилдүүлүк, бейпилдик жана өнүгүү үчүн көрсөтүшү мүмкүн.

Партиялардын өздөрү элдин каалоолоруна ылайыкташып; алардын көпчүлүгү акыркы эл каттоодо калктын 65%ын түзгөн айылдык электоратка, ошондой эле нааразы болгондордун басымдуу көпчүлүгүн түзгөн шаарга келген айылдык мигранттарга басым жасашууда.

Июнь айындагы эки коомчулуктун ортосунда болгон зордук-зомбулукту эске ала турган болсок, айылдан шаарга агылып келген нааразы болгон мигранттар негизинен кыргыздар болгондуктан мындай аракеттер тобокел экендигинен шек жок. Эгер кээ бир партиялар ачык эле кыргыз тилдүү электоратка таянса, этникалык азчылыктын өкүлдөрү жакында болуп өткөн кайгылуу окуяга эч бир тиешеси жок деген саясатчыларга добуш бериши мүмкүн.,

Кыргыз коомчулугу июнь окуяларынан кийин этникалык планда экиге бөлүнгөн бойдон калууда. Бул өз кезегинде шайлоочулардын чечимине, натыйжада шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир берет.

Шайлоочулардын шайлоого катышпай калуусунан да көп нерсе көз каранды, анткени учурда өлкөдө шайлоочулардын санын эч ким так айта албайт. Кээ бир маалыматтарга караганда 500 миңден 1 миллионго чейинки жарандарыбыз Россия менен Казакстанда эмгек мигранттары катары жүрүшөт.

2007-жылы парламенттик шайлоого 12 партия катышса, бул жолу парламенттик мандат үчүн 29 партия ат салышууда. Социалдык сурамжылоолор алдын ала көрсөткөндөй 29 партиянын ичинен 8 партиянын парламентке шайлануу мүмкүнчүлүгү бар. Шайлоо пропорционалдык өкүлчүлүк системасы боюнча партиялык тизменин негизинде болмокчу.

Талапкер партиялар өздөрүнүн багыттары боюнча бир канчага бөлүнөт – «орусиячыл» жана орто «орусиячыл»; Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин бийликке келген жетекчилик менен мамилелеш жана түзүлгөн жагдайга колдоо көрсөткөн жана албетте өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн кызыкчылыгын коргогондор.

Парламентке шайланып калуу мүмкүнчүлүгү чоң болгон, өлкөнүн түндүгүндөгү көпчүлүк электораттын колдоосуна ээ болгон партиялар, - булар Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (СДПК), «Акшумкар» жана «Ата Мекен» партиялары. Бул партиялардын партиялык тизмелеринен мурдагы бийликтин өкүлдөрүн көрүүгө болот. Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү шайлоочулардын көпчүлүк колдоосуна ээ болуп жаткан – «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата-Журт» партияларынын курамында мурдагы президент Бакиевдин жактоочулары да аз эмес.

Эгер алдыдагы шайлоо таза жана эркин өтө турган болсо, парламентке түрдүү партиялардын – учурдагы башкаруудагы партия, алардын оппоненттери, мүмкүн кээ бир нейтралдык позицияны карманган партиялардын келүү мүмкүнчүлүгү бар. Албетте алардын баары саясий элитанын өкүлдөрү болушат.

Шайлоодон кийин туруксуздук жана этникалык толкундоолордун болуу коркунучу бар. Апрель айынан бери Кыргызстан бир топ демократиялык натыйжаларга жетишти – бул көп партиялуу шайлоону өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн берилиши, ММКнын салыштырмалуу эркиндиги, бирок бул жетишкендиктер өтө көп эмес, жана алдыда турган шайлоодон кийин мурдагыдай кырдаал дагы кайталанышы мүмкүн.
Ушул өңүттөн алганда, парламент бири-бирине келишкис атаандаштардын жыйналышы болсо да, партиялардын өкүлдөрү өздөрүнүн каршылыктарын көчөгө алып чыкпай бири-бири менен макулдашууларга жетишиши керек.


Павел Дятленко, Бишкектеги «Полис Азия» Борборунун эксперти, Кыргызстан.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists