Кыргызстан: Орусиянын аскердик база ачуу планы Ташкентти тынчсыздантууда

Москванын Кыргызстандын түштүгүнө аскердик база ачуу планы Өзбекстанды тынчсыздантууда.

Кыргызстан: Орусиянын аскердик база ачуу планы Ташкентти тынчсыздантууда

Москванын Кыргызстандын түштүгүнө аскердик база ачуу планы Өзбекстанды тынчсыздантууда.

Friday, 7 August, 2009
, Борбордук Азия чөлкөмүндө өзүн бакубат өлкө катары караган Өзбекстан үчүн кандайдыр бир чакырык катары каралууда.



Ташкент чет элдик ыкчам аракеттенүүчү аскер күчтөрүнүн өз чегарасына ирегелеш жайгашкан тынч эмес Фергана өрөөнүнө жайгашуусун башынан эле жактырбай келет.



Кыргызстандын түндүгүндөгү Кантта жайгашкан орусиялык аскерий база согуштук учактар учүн колдонулуп, бир канча чакырым батыш тарапта жайгашкан америка аскерий аба базасына тең салмактуулук катары каралып келет.



Ал эми Орусиянын жаңы аскердик базасы Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек арадан көп алыс эмес Кыргызстандын түштүгүндө жайгаштырылмакчы.



Кыргызстандын түштүк аймагында орусиялык аскер базасы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында жайгаштырылат. Ал уюмга бир катар постсоветтик республикалар: Армения, Белоруссия, Казакстан,Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Орусия жана Кыргызстан мамлекеттери мүчө.



ЖККУнун ыкчам аракеттенчу биргелешкен аскер күчтөрү бар. Ошондой болсо да 2009- жылы февралда ЖККУга мүчө мамлекеттер Орусиянын уюмга кирген өлкөлөрдүн аскерлеринен курамы 20 миң жоокерден турган дагы бир биргелешкен күчтүү аскер бирикме түзүү сунушуна макулдугун беришкен. Жаңы аскердик түзүм бронетанкалык жана артиллериялык бөлүктөрдөн туруп, ал Кыргызстандын түштүгүнө жайгаштырылмакчы.



Үстүбүздөгү жылдын 14 июнунда ЖККУга кирген мамлекеттер жаңы аскердик базаны түзү келишимине кол коюшту. Мындай келишимге Өзбекстан менен Белоруссия кол коюшкан жок.



ЖККУнун аскер күчтөрүн Кыргызстандын түштүгүнө жайгаштыруу тууралуу маалымат үстүбүздөгү жылдын 7 - июлунда Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Орусиянын вице-премьери Игорь Сечин жана Коргоо министри Анатолий Сердюков менен болгон жолугушуусунан кийин пайда болгон. Ошондой болсо да, тараптардын эч кимиси жолугушууда жаңы аскердик базаны түзүү маселеси талкуулангандыгын тастыкташкан эмес. Көп өтпөй, 29 - июлда, Орусиянын маалымат агенттиги Орусия президентинин жардамчысы Сергей Приходконун «негизинен баары макулдашылды» деп айткандыгын маалымдаган.



«Негизинен бул Орусиянын базасы эмес. Бул ЖККУнун концепциясынын алкагында биргелешкен ыкчам аракеттенчү аскер күчтөрдү түзүүгө байланышкан аракет»,- деген пикирин билдирген Приходко ЖККУнун 31 - июлда боло турган кезектеги самитинин алдында.



Ошол эле мезгилде президент Бакиев өзүнүн июль айынын ортосунда Нью-Йорк Таймс (New York Times) жана Рейтер малымат агентттигине берген маегинде ЖККУ мындай планына башкачараак баа берип, болгону орус – кыргыз антитеррордук машыктыруучу борбор болот деген пикирин билдирген.



Кыргызтандык кээ бир серепчилер Москванын Кыргызстандын аймагында экинчи аскерий базасын ачууну каалап жатышынын бир канча себептери бар экендигин айтышууда.



Адегенде алар учурда Ооганстандагы кооптуу абалдын сакталып турушунан улам ислам террордук күчтөрдүн Борбор Азия аймагына жылуу коркунучунан чочулашууда. Мындай кооптонуулар, жакынкы күндөрдө Ооганстан менен Кыргызстандын түштүк аймагынын ортосунда жайгашкан Тажикстанда, андан мурдараак Өзбекстанда болуп өткөн окуялардан кийин дагы күчөдү. (Тажикстандагы башаламандыктар жөнүндө төмөнкү макалалардан окуй аласыздар. «Усмирение восточных долин Таджикистана», RCA №584, 23 - июль 2009 - жыл, «Погоня за призраками в горах Таджикистана», RCA № 581, 24 - июль, 2009 - жыл. Ушул жылдын май айынын аягында Өзбекстандагы кол салуулар жөнүндө «Узбекистан: Что произошло в Ханабаде и Андижане? деген шилтеме менен берилген 2009 - жылдын 27 - майдагы Борбордук Азия маалыматтар топтомунан окуй аласыздар).



Мына ушундан улам Кыргызстан жакынкы арада өлкөнүн түштүк аймагындагы болгон окуяларды эске алып, ал аймакта коргонуу коопсуздугун күчөтүү зарылдыгын моюнга алат.(IWPR ал окуялар жөнүндө төмөнкү макалада маалымдалган «Рост числа боевиков в Кыргызстане», RCA № 582, 3 июль 2009 жыл).



Түштүк чек араны биргелешип коргоо Бишкек жана Ташкент учун бирдей маанилуу маселе. Ошондой болсо да, Өзбекстан башка өлкөлөрдүн аскерий күчтөрүнүн өзүнүн чек арасына жакын жайгашуусунан кооптонот.



Орусиялык дагы бир аскер базаны Кыргызстандын аймагына жайгаштыруу планына карата өзбек өкмөтү расмий билдирүү жасабаса да, атын атабаган Өзбекстандык жогорку кызматтагы чиновник Орусиялык маалымат агенттигине « Өзбекстан жаңы чет элдик аскерий базанын өзу менен чектешкен малекеттин аймагына жайгашуусуна туп тамырынан каршы»,- деп билдирген.



Ошол эле мезгилде ЖККУ мамлекеттеринин 14 - июлдагы жолугушуусунан төрт кундөн кийин Өзбекстан тышкы иштер мнистрлиги аталган уюмдун жогорудагыдай планын тымызын сынга алган маалымат таратты.



Документе ЖККУнун биргелешкен күчтү түзүү планы ички араздашууга жардам берүү эмес, уюмга мүчө эмес өлкөлөр тарабынан коркунуч болсо ага жооп кайтаруу максатын көздөп түзүлүшү керек экендиги белгиленген.



Ошондой эле, ар кандай чечим уюмга мүчө мамлекеттердин бардыгынынын макулдугу менен кабыл алынышы керектиги айтылган.



Кыргызстандык саясат таанучу Марс Сариев «Өзбекстандын чек арасына жакын жерге аскерий база ачуу - бул келечекте Өзбекстандын Орусиянын айтканындай болууга алып келүүчү тактикалык жүрүш, тагыраак айтканда Өзбекстандын келечекте Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун тез аракеттенүүчү тобуна кирүүсүнө түрткү берүүчү аракет»,- дейт.



Сариев жаңы база түзүү - Орусия тарабынын Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жаңы мейкиндик деп эсептейт. Анын пикиринче ЖККУнун жаңы база ачуу аракетин келечекте Өзбекстанды ийге келтирүүнүн жолу катары кароого болот деп, мындай көрүнүштү Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык согуш катары мүнөздөйт. «Бул карама-каршылыкта Кыргызстан курал катары колдонулуп жаткандыгын белгилөөгө болот»,- дейт ал.



Ал эми Өзбекстандык саясат таанучу Фарход Толипов Ташкент буга чейин эч убакта Москва үчүн жамандык кылбагандыгын эскерип, эгерде мындай аракет чынында эле Өзбекстанды коркутуу үчүн болуп жатса, коомчулукта мындай чечимге карата туура эмес түшүнүктөр пайда болушу мүмүкүн деген оюн ортого салат.



«Орусия бул маселеге жөн гана таасир бербестен кырдаалды андан ары курчутушу ыктымал. Ошондуктан Орусия абалга саясий, дипломатиялык же ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолдору менен тасир бериши керек. Өзбекстан эч качан Орусияга же КМШ же ЖККУна мүчө өлкөлөргө карата кандайдыр бир кастык мамилени көрсөткөн эмес. Эгер Өзбекстан кээ бир иш чараларга, айрым учурда согуштук иш чараларга катышпаса, бул өлкөнүн ал уюмдан же Орусиядан жүзүн бургандыгын түшүндүрбөйт», -дейт өзбекстандык саясат таануучу.



Учурдагы ЖККУнун Кыргызстандын түштүгүнө аскерий базасын жайгаштыруусу Кыргызстандын башка ири держава - АКШ менен мамилесине такыр байланышы жоктой.



АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ульям Бернс өзүнүн 12 - июлда Бишкеке болгон сапары учурунда маалымат жыйынын өткөрүп, мындай маселе Кыргызстандын өзүнө гана тиешелүү ички иш деген пикирин айтты. Ошондой эле ал «Кыргызстандын көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун чыңдоого болгон ар кандай кадам-бул жөн гана акылга сыярлык көрүнүш»,- деген оюн ортого салды.



Эгерде мындай маселе качан Кыргызстан өзүнүн аймагынан АКШнын аскерий базасын чыгаруу маселесин коюп жаткан мезгилде көтөрүлсө, коомчулукта бир катар түшүнбөөчүлүктөрдү жаратмак. Бирок июль айынын башында жаңы келишим түзүлгөн. Ага ылайык Манастагы аскерий база АКШнын Ооганстандагы аскерий аракетине жүк ташуучу транзитттик пункт катары колдонулаары айтылып, база мурдагы ордунда калтырылды десек жарашат (Бул тууралуу 2009 –жылдын 23-июнунда чыккан Американская база в Кыргызстане остается, но уже под новым названием макаласынан окусаңыз болот).



Тимур Токтоналиев – IWPRдын тренингдерине катышып жүргөн журналист.
Frontline Updates
Support local journalists