Борбор Азия калктары ВИЧ илдети менен ооруган адамдардын санынын өсүшүнө тынчсызданышууда
Калктын массалык миграцияга туш болушу бул илдеттин кеңири таралышына шыкак болууда.
Борбор Азия калктары ВИЧ илдети менен ооруган адамдардын санынын өсүшүнө тынчсызданышууда
Калктын массалык миграцияга туш болушу бул илдеттин кеңири таралышына шыкак болууда.
Жети айлык боюнда бар Нигора кандан анализ тапшыргандан кийин гана ал ВИЧ илдети менен ооругундыгын билген. Качан дарыгерлер бул жөнүндө анын күйөөсүнө айтышканда, ал акча табуу максатында чет өлкөгө чыкканда башка бирөөлөр менен жыныстык катнашта болгондугун мойнуна алган. Анын анализдеринин жыйынтыгы да ВИЧ илдетин алып жүргөндүгүн көрсөткөн.
«Мен мындай илдет жөнүндө билген эмесмин, ошондуктан сактанган да эмесмин», - дейт Нигоранын жолдошу.
Нигоранын ымыркайы таза төрөлгөн, бирок анын биринчи баласы эмчек сүтү аркылуу илдетти жугузуп алган.
Нигоранын тарыхы - бул аймактагы мындай тагдырга туш болгондордун бири гана. Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан жүздөгөн адамдар, көбүнчө эркектер – узак убакыт бою чет өлкөлөрдө, көбүнчө Россияда болушат. Ал жакта алар ВИЧ илдетин жугузуп алуу коркунучуна дуушар болушат. Кээлери жыныстык катнашта сактанышпаса, кээ бирлери баңгизатты ийне аркылуу алуу менен жугузуп алышат. Өз мекенине кайткандан кийин – ВИЧ оорусу жөнүндө билбегендиктен, же бул илдетти талкуулоодон уялышкандыктан улам башка бирөөлөргө бул илдетти жугузуп коюу коркунучу сакталууда.
Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, Борбор Азия мамлекеттеринде ВИЧ илдетине кабылган адамдардын саны тез өсүүдө. Статистика көрсөткөндөй, бул илдеттин кеңири таралышы баңги затты ийне менен колдонгондордун арасында ийненин биргеликте колдонуусу, ошондой эле сактанбаган жыныстык катнашка баруу, кээ бир учурларда коммерциялык секстин кызматын колдонуу сыяктуу көрүнүштөр менен шартталууда. Толук статистикалык маалыматтын жоктугуна карабастан, ВИЧ өзүнчө социалдык топ катары каралган мигранттардын ичинде гана таралган илдет эмес экендиги айдан ачык.
Бирок мигранттардын башка социалдык топтордон айырмасы, эгер алар бул илдетти жугузуп алса, бүт Борбор Азия боюнча, түздөн-түз алардын өз мекениндеги үй-бүлөсү илдеттин курмандыгы болууда.
Макалада сөз жүрүп жаткан үч мамлекет – Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан – аймактагы беш мамлекеттен айырмаланып – бул мамлекеттердин калкынын көпчүлүк топтору эмгек мигранттары болуп эсептелет. Калктын бул көйгөй боюнча маалыматы жок болгондуктан улам, мигранттын кош бойлуу аялы анализ тапшырмайынча, ал жана анын үй-бүлөсү ВИЧ илдетин жугузуп алгандыгын билбей жүрө берген учурлар көп кездешет.
Эксперттердин пикиринде, калктын чакан топторунун ичиндеги баңгизат колдонуучулардын ийнени биргеликте колдонуусуна караганда, калктын миграциясы бул илдеттин кеңири масштабда жана тез таралышына алып келиши мүмкүн.
«Борбор Азиядагы эмгек мигранттарынын санына карап көрсөк – алар саны боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы калкынын бештен бир бөлүгүн түзөт. Ушундан улам бул көйгөйдүн орчундуу экендигин билсек болот. Эмгек мигранттары калктын бир бөлүгүн түзүшөт жана алар баңгизатты ийне менен колдонгондор же бири-бири менен жыныстык катнашка барган эркектердин тобу сыяктуу өздөрүнүн тар чөйрөсү менен обочолонушпайт» - деди DanChurchAid, Даниянын жана Нидерландиянын гумманитардык уюму – Католиктик кайрымдуулук уюмунун эл аралык конференциясынын ВИЧ маселеси боюнча Борбор Азия офисинин программалык кеңешчиси Василий Эсенаманов.
«Расмий статистика көрсөткөндөй, бул илдет бара-бара бүтүндөй калктын арасында таралууда. Илдетти жугузуп алуу коркунучу, баңгизатты ийне менен колдонгондордун тар тобунда эле эмес, баңгизат колдонбогон жаш аялдардын жана жаш балдардын арасында да болууда. Бул өтө көйгөйлүү маселе, анткени илдет бүтүндөй калкка тез темп менен таркап кетиши мүмкүн.
Кыргызстан аялдар Конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышеванын айтымында калктын стационардык бөлүгүнө караганда эмгек мигранттарынын ВИЧ илдетин жугузуп алуу коркунучтары чоң. Алардын өз үй-бүлөлөрүнөн алыс турушу, мурдагы социалдык нормалардан эркин болуусу, эмгек мигранттарынын жыныстык өнөктөшүн тез-тез алмаштырып туруусуна шарт түзүүдө.
ВИЧ ИЛДЕТИ БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ЖАЙЫЛУУДА
Декабрь айынын соңундагы көрсөткүчтөргө ылайык, Тажикстанда ВИЧ илдетин алып жүргөн 1853 адам катталып, анын 80 пайызын эркектер түзөөрү аныкталган. 2010-жылдын март айында бул көрсөткүч Кыргызстанда 2837 адамды түзүп, анын 70 пайызы эркектер экендиги такталган.
Эки өлкөдө тең илдетти жугузуп алуунун кеңири таралган жолу, медициналык ийнени экинчи жолу колдонуу болгондугу аныкталган жана илдетти жугузуп алгандардын көпчүлүгү баңгизатты ийне менен колдонгондор экендиги ачыкка чыккан. Илдетти жугузуп алуунун дагы бир башка жолу, ооруканаларда таза эмес ийнелердин оорулууларга карата колдонулушу – ушундай жол менен Казакстандын түштүгүндө 2006-жылы 120 бала, андан эки жыл кийинчерээк Кыргызстанда 170 бала бул илдетке дуушар болушкан.
Март айында Fergana.ru аймактык маалымат сайты 2007 жана 2008-жылдары Өзбекстандын чыгышындагы Наманган облусунда медицина кызматкерлеринин шалаакы мамилесинен улам 150гө жакын бала бул илдетке кабылгандыгын маалымдаган.
Тажикстан менен Кыргызстанда бул илдетти жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгандар илдетти алып жүрүүчүлөрдүн жалпы санынын төрттөн бирин түзөт.
Өзбекстан боюнча акыркы статистикалык маалымат 2008-жылдын көрсөткүчтөрү болуп, ага ылайык өлкөдө ВИЧ илдети менен расмий катталгандардын саны 1250 адамды түзгөн. Бул көрсөткүч, ВИЧ илдетине кабылгандардын саны ошол мезгилде 7 млн. калкы бар Тажикстанга жана 5 млн. калкы бар Кыргызстанга салыштырганда, 27 млн. калкы болгон Өзбекстанда бир топ төмөн экендигинен кабар берет.
Бирок укук коргоочунун IWPRга берген маалыматына караганда, Өзбекстанда ВИЧ/СПИДге кабылгандардын саны бир топ төмөндөтүлүп көрсөтүлгөн жана соңку эки жыл ичинде эч кандай статистика болгон эмес.
Ал жана анын кесиптештери жүргүзгөн иштер мигранттар илдетке чалдыккандардын аз пайызын гана түзөөрүн көрсөткөндүгүн айтты. Ошол эле мезгилде эмгек мигранттарынын санынын кескин өсүшү, илдетти жугузуп алган мигранттардын санынын да өсүшүнө алып келүүсүн эске алышыбыз керек. Бул маселенин дагы бир жагы, акча табуу максатында чет жакка көбүнчө аялдар кетип жаткандыктан, алардын көпчүлүгү сойкулук менен алектенип кетип жатышат. Бул өз кезегинде ВИЧ илдетин жугузуп алуу коркунучун күчөтүүдө.
Аты-жөнүн атагысы келбеген өзбек серепчисинин айтымында, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, 2009-жылы ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын саны бери эле дегенде 7500 адамды түзүп, алардын 25-30 пайызы эмгек мигранттары экендиги такталган.
Тажикстанда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 2008-жылдагы 35 пайызга салыштырганда, 2009-жылы 30 пайызга өскөн. Дарыгерлер бул өсүү темпти, ВИЧ оорууларды аныктоо иштеринин жакшыргандыгы менен түшүндүрүшөт. Анткени БУУнун СПИД, туберкулез жана малярия менен күрөшүү фонду тарабынан каржылоонун болушу диагноздун бир топ так коюлушуна жардам берген.
Тажикстандагы миграция маселелери боюнча Эл аралык уюмдун аймактык долбоорунун улуттук координатору Катойон Фаромузова айрым эксперттер ВИЧ илдетине кабылгандардын так санын билүү үчүн расмий статистикалык көрсөткүчтөрдү он эсе көбөйтүш керек деген пикирин айткан. Бирок Фаромузова өзү, текшерүүлөр натыйжалуу болуп, кош бойлуу аялдардан бери камтыгандыктан расмий көрсөткүчтөр чындыкка жакын деген пикирде.
Тажикстандагы Республикалык СПИД борборунан Зухра Нурляминова жогорудагы пикирге кошулат. Анын айтымында калктын көпчүлүгү ВИЧ илдети боюнча текшерүүдөн өтүүгө даяр жана бүт өлкө боюнча мындай анализди текшерген клиникалар бар.
«Буга чейин өлкөдө экспресс тестер жок болуучу. Зарыл болгон техника да болгон эмес. Бул илдет жөнүндө калктын маалымдуулугу да өтө төмөн болгон. Бүгүнкү күндө алар теле аркылуу социалдык жарнамаларды, көчөлөрдө илинип турган банерлерди көрүшүүдө, ошондуктан текшерилүүгө болгон кайрылуулар көп болууда. Эгер мурда бул илдет боюнча анонимдик бөлмөгө эч ким баш бакпаса, азыр кайрылуулар бир топ көп», - деди ал.
ВИЧ ИЛДЕТИНИН ЖАЙЫЛЫШЫНА МИГРАЦИЯ КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ТААСИР БЕРҮҮДӨ?
Чет жерде жүргөн мигранттардын ВИЧ илдетин жугузуп алуу фактыларынын санын тактоо – бир топ татаал маселе. 2009-жылы Тажикстанда мындай фактылардын расмий көрсөткүчү 197 адам болуп, бул илдетке чалдыккандардын жалпы санынын 11 пайызын түзгөн. Кыргызстан илдетке кабылгандарды эмгек мигранттары боюнча деп өзүнчө категорияга бөлүшпөйт, бирок расмий бийлик илдетке кабылгандардын ичинде бул категория кооптуу экендигин моюнга алат.
Энелерди жана балдарды коргоо Улуттук борборунун ымыркайлар боюнча патология бөлүмүнүн башчысы Сагынбу Абдувалиеванын айтымында, өлкөдөгү ВИЧ илдетине чалдыккандардын 20 пайызын эмгек мигранттары түзөт.
IWPR тарабынан сурамжылоого алынган Өзбекстандагы серепчи, бардык аймактардагыдай эле, Баңгизатты ийне менен колдонгондор илдетти жугузуучу кооптуу топтор болуп эсептелээрин, ал эми мигранттар менен жаман жолго түшкөн сойкулар – илдетти таратууда, экөө тең бирдей, экинчи орунда тураарын айтты. Ошондой эле ал, Өзбекстандык мигранттардын жалпы саны адистиги жок жумушчу эркектерден жана башка өлкөлөргө сойкулук менен алектенүү максатында чыгышкан аялдардан тураарын белгиледи.
Мигранттардын үй-бүлөсүндөгү ВИЧ илдетине чалдыккандардын ачыкка чыгышы расмий статистиканын жетишсиздиги менен татаалданат. «Дал ушул, илдетке үйбүлөлүк деңгээлде кабылуу бир топ жашыруун жана каттоого алуу бир топ кыйынчылыктарды туудурат, анткени алар көмүскөдө жана белгилүү болгон кооптуу топторго кирбейт», - деди серепчи.
Эсенамановдун пикиринде, Тажикстанда жана Кыргызстанда расмий каттоодо бекитилген факты жок. Бирок ишмердүүлүгү Кыргызстан жана Тажикстандагы ВИЧ маселесине байланышкан көптөгөн уюмдар, эмгек миграциясынан кайтып келген аялы менен күйөөсүнөн тең илдетке кабылган фактыларынын санынын өсүп жаткандыгын тастыкташкан. Бул эмгек миграциясынын натыйжасында илдетке кабылгандардын санынын жана ВИЧ илдетинин акырындап бүтүндөй калк арасында тез таркап жаткандыгынан кабар берет.
Тажикстандагы СПИД боюнча Республикалык Борбордун ВИЧ илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча адис Мохира Хамидова миграция менен илдеттин жыныстык катнаш аркылуу жайылуусунун ортосундагы байланышты карайт.
«Эгер мурда илдетти ийне аркылуу жугузуу 70 пайыздан ашыгын түзсө, бүгүнкү күнү бул көрсөткүч 54 пайызга чейин кыскарган, бирок илдетти жыныстык катнаш аркылуу жугузуу өсүүдө», - дейт Хамидова.
«Мен ВИЧ илдетин жугузуп алган кош бойлуу аялдар менен иштейм. Азыркы күндө Республикалык борбордо көзөмөлдө турган жалпы аялдардын – 102си кош бойлуу. Булардын 70 пайызы эмгек мигранттарынын аялдары. Биз аларды бейтапканаларда жана төрөтканаларда текшерүүдөн өткөрүп жатканда бул илдетке чалдыгып калгандыгы аныкталгандан кийин, алар бул илдетти эмгек мигранты болгон күйөөсүнөн жугузуп алгандыгын тактадык», - деди ал.
Нурлямова илдетти жугузууда мигранттар негизги ролду ойнойт деген пикирге кошула бербейт.
«Илдетти негизги таратуучулар – эмгек мигранттары деп айтуу тура эмес болуп калат. Менимче негизги таратуучулар баңгизат колдонгондор. Ал эми эмгек мигранттары – болгону 11 пайызды түзөт», - деди Нурляминова.
Фаромузова болсо Тажикстанда эмгек мигранттары илдетти жугузууда кооптуу топ экендигин айтат.
«Эгер жаш эркек өз үй-бүлөсүнөн алыстап көп убакытка чет жакка кетсе, ал бул илдетти жугузуп алуу коркунучуна туш болот. Бир жагынан бул алардын ушундай социалдык шартка туш болушу менен түшүндүрүлсө, экинчи жагынан алар үй-бүлөсүнөн алыс тургандыктан анын психологиялык жана башка бардык керектөө муктаждыктары сакталып калат. Жаштар ата-энесинин таасиринен алыстап, өздөрүн бир топ эркин сезишет, ушул өңүттөн алганда алар илдетти жугузуп алуу коркунучуна дуушар болушат», - дейт Фаромузова.
Эсенамановдун, «мигранттар такай көзөмөл жүргүзүүнү талап кылган маанилүү топ», - деген пикиринин себеби, алар калктын жалпы санынын олуттуу бөлүгүн түзүшкөндүгүндө. Буга Кыргызстан менен Тажикстандын калкынын бештен бир бөлүгүн мигранттар түзгөндүгү мисал.
Эмгек миграциясында жүргөн элдин саны - Кыргызстандан 400 миңден 1 миллионго чейин, Тажикстандан 600 миңден 1,5 миллионго чейин, Өзбекстандан 1 миллиондон 4 миллионго чейин өзгөрүп турат. Алардын көпчүлүгү Россияга барышса, анча көп эмес бөлүгү Казакстанга барышат. Эсенамановдун пикиринде, бул эмгек мигранттары сойкулук менен алектенген кызматкерлер, баңгизатты ийне менен колдонгондор сыяктуу кооптуу топторго караганда салыштыргыс көп экендигин көрсөтүп турат.
МИГРАНТТАР ВИЧ ИЛДЕТИ ЖӨНҮНДӨ АЗ БИЛИШЕТ
Россия жана Казакстанда жүрүшкөн эмгек мигранттары негизинен кара жумуштарда иштешет жана иш ээлери менен жергиликтүү милиция тарабынан ар кандай басынтууларга дуушар болушат.
Россия жана Казакстан мамлекеттеринин иммиграциялык бийлигинин бирден бир талабы, өлкөгө кирип жаткан мигранттар ВИЧ илдетине карата текшерүүдөн өтүүсү шарт. Бирок Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген жумушчулардын көпчүлүгү бул иш-чарадан качып, көмүскө экономикада мыйзамсыз иштеп жүрүшөт.
СПИД боюнча тажик Борборунан Матлюба Рахманова, алардын клиникасы күн сайын мыйзамдуу кетип жаткан ондогон мигранттарды текшерүүдөн өткөрүшсө, алардын 1% ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөр болуп чыгаарын айтты. «Көпчүлүк мигранттар чет жакта мыйзамсыз иштеп жаткандыктан, мындай справкасы жок эле кетип жаткандыгын унутпашыбыз керек», - дейт ал.
«Эмгек мигранттары алсыз топ экендигин түшүнүшүбүз керек. Алар өз үй-бүлөсүн багуу максатында чет өлкөлөрдөн жумуш издешет. Көбүнчө маяна аз төлөнгөн, туруктуу эмес жумуштарда иштешет жана дайыма Россиянын жергиликтүү бийлиги жана жергиликтүү калкы тарабынан кысымдарга дуушар болушат. Алардын баары эмес, бирок көпчүлүгү анча билими жок айыл жеринен чыккан жаштар. Жыныстык жол менен жугуучу бул илдет жана анын алдын алуу жолдору, ошондой эле репродуктивдүү ден соолук тууралуу маалымат берүүчү программалар жана материалдар өтө эле аз. Биздин изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы көрсөткөндөй калктын ВИЧ илдетин жуктуруп алуу коркунучу тууралуу маалыматы өтө төмөн. Булардын баары алардын сактанбай жыныстык катнашка баруусуна себеп болууда», - дейт Рахманова.
Эсенамановдун айтымында, ВИЧ илдети сойкулар менен болгон жыныстык катнаш аркылуу жугушу мүмкүн. Ал Санк-Петербургдагы «Гуманитардык аракет» Фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына токтолуп өттү. Ага ылайык, коммерциялык секс менен алектенген жумушчулардын 50 пайызы баңги затты ийне менен колдонгон адамдар жана бул категорияга кирген адамдардын 95 пайызы ВИЧ илдетине кабылгандар.
«Ошондуктан коммерциялык секс кызматкерлеринин кызматын колдонгондор үчүн ВИЧ илдетин жугузуп алуу коркунучу чоң. Мигранттар презервативди колдонушпайт, анткени алар ВИЧ илдетин жугузуп алуу коркунучу бар экендигин жана сактануу зарылчылыгын билишпейт. Өздөрү ВИЧ илдетин жугузуп алгандыгын билишпей, Натыйжада өз мекенине кайткан мигранттар өздөрүнүн аялдарына бул илдетти жугузушат», - деди Эсенаманов.
Баңги затты ийне менен колдонгон жана ага көз каранды болуп калган эмгек мигранттары да ВИЧ илдетин жугузуп алып аны өз аялдарына да жугузушу мүмкүн. Замира Акбагышеванын айтымында, ВИЧ илдетинин күйөөсүнөн аялына жугуп жатышы олуттуу көйгөйгө айланууда.
Мурдагы жана учурдагы эмгек мигранттарынын IWPRдын журналистерине берген маеги алардын ВИЧ илдети жана анын таралышы, ошондой эле алдын алуу жолдору тууралуу эч маалыматы жок экендигин көрсөттү.
«Биздин гастарбайтерлер чукул кырдаалда гана жардамга келишет. Мисалы өндүрүштөн жабыр тартканда. Мигранттардын арасында билимдүүсү да, билимсизи да бар, билимдүүлөр ВИЧ илдетинен сактанышат, билимсиздер болсо сактануунун зарылдыгын да билишпейт», - дейт Москвадан кайтып келген Жалал-Абаддык Юлдаш аттуу жаш жигит.
Жасур Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында медицина бөлүмүнүн студенти. Ал да бир аз убакыт Россияда иштеп келген. Анын айтымында, ал тааныгандардын көпчүлүгү ВИЧ илдети жөнүндө жакшы билишпейт. Алардын кээ бирлери ийне сайынуу менен баңги зат колдонуп, бул илдетти жугузуп алуу тобокелине барышса да, Жасурдун пикиринде, мигранттардын ичинде ВИЧ илдетинин жыныстык катнаш менен жайылуусу биринчи орунда турат.
Өзбекстандык укук коргоочу, «эмгек мигранттарынын басымдуу көпчүлүгү ВИЧ/СПИД эмне экендигин, анын коркунучтуулугу, жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары тууралуу жакшы түшүнө беришпейт. Көпчүлүгү ВИЧ илдети эмне экендигин такыр эле билишпейт», - деген пикирди колдой тургандыгын билдирди.
МААЛЫМАТТЫН ЖОКТУГУ; АЯЛДАР АЙТУУДАН УЯЛЫШАТ.
Салтты катуу кармаган айыл жерлеринде аялдар өз күйөөлөрүн текшерүүдөн өтүүсүн же презервативдерди колдонуусун талап кыла алышпайт; же алар да ВИЧ илдети жөнүндө эч нерсе билишпейт. Өз күйөөсүнөн ВИЧ илдетин жугузуп алган аялдардан төрөлгөн балдар да бул илдетке кабылат. Анткени ал аялдар бул илдеттин энеден балага вертикалдуу берилүүсүнөн сактап калуу же алдын алуу жолдорун билишпейт.
Нурламинова эркек мигранттар өздөрүнүн ВИЧ илдетин алып жүргөндүгүн билишпейт деген ойго кошулат. «Алар өздөрүнүн оорулуу экендигин качан гана кош бойлуу аялы ВИЧке карата текшерүүдөн өткөндөн кийин билишүүдө», - дейт ал.
Эгер эркек ВИЧ илдетине кабылгандыгын билсе, түгөйлөрдүн ортосунда сүйлөшүү бир топ ачык өтөт, эгер аял биринчи билсе, бул жөнүндө күйөөсүнө кантип айтаарын билбей, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган делип күнөөсүз айыпталуудан коркуп, үн катпай айлар бою жүрүшү мүнкүн.
Айыл жерлеринде бул илдет боюнча калктын маалымдуулугу өтө төмөн.
«Шаардыктар бул көйгөй боюнча бир топ жакшы билишет. Алар СПИД жөнүндө угушкан жана илдеттин таралышы жөнүндө маалыматы бар, ошондуктан жыныстык катнаш мезгилинде абайлап сактана алышат. Ал эми айыл жеринен чыккан жаштар дээрлик же такыр эле эч нерсе билишпейт», - деди Нурламинова.
«Эмгек минранттарынын дагы бир өзгөчөлүгү, алар айыл жеринен чыккан жөнөкөй жаштар жана эч качан презерватив колдонушпайт. Качан алар менен сүйлөшө келгенде, алардын кээ бирлери презерватив эмне экендигин өздөрүнүн аялдары сыяктуу эле билишпегендигине күбө болосуң», - деди ал.
Даниялык чиркөөлүк жардам көрсөтүү программасынын координатору Пия Дюрхаген эки жыл мурда жергиликтүү уюмдар менен биргеликте ВИЧ миграция долбоорун баштаган. Анын айтымында ВИЧ илдетин жуктурган адамдар ар дайым чоң кысымдарга дуушар болушат. «Кошуналары, айылдаштары, жада калса үй-бүлө мүчөлөрү ал менен сүйлөшүүдөн баш тартышып, көчөдө бет маңдай чыкканда артын салып бурулуп кетишет. Мектеп баласынын ВИЧ илдети менен ооруганын билгенден кийин, мектеп директору ал балага мектепке келүүгө тыюу салган фактылар катталган. Биздин бейөкмөттүк өнөктөштөрүбүз Тажикстанда мигрант күйөөсүнөн ВИЧ илдетин жугузуп алган жаш аялдардын ичинде өзүн-өзү өлтүргөн фактылардын орун алгандыгын айтышты.
«Булардын баары калктын бул илдет боюнча жетиштүү маалыматы жок экендигинен кабар берет», - деп кошумчалады ал.
Калктын мындай маалыматтан сыртта калуусуна билим берүү программаларындагы мүчүлүштүктөр да себеп болууда.
«Бул илдеттин эмгек мигранттары тарабынан бүтүндөй калкка тароо коркунучу – өтө көйгөйлүү маселе. Борбор Азияда баңгизатты ийне менен колдонгондор жана сойкулук менен алектенген аялдар жок эле дегенде жети жыл бою атайын маалымат алып турушат. Жыныстык катнаш аркылуу таралуучу оорулар жөнүндөгү маалымат бүтүндөй калкка эч ким тарабынан таркатылбайт. Бул илдет жөнүндөгү маалыматтар системалаштырылган эмес жана анча кызыгууну туудурбайт, ал эми мигранттык топтор донордук уюмдардын маанилүү деп эсептеген тезмесине кирбейт. Секс жана презервативди колдонуу темаларына катуу тыюунун болушу, бул теманы мектептерде жана мамлекеттик мекемелерде талкуулоону кыйындатат», - дейт Эсенаманов.
ВИЧ илдетин алып жүргөн адамдар «медициналык мекемелерде, бийлик өкүлдөрүнүн жана диний лидерлердин арасында» стигмага, басмырлоого айланып калып жаткандыгын белгиледи.
«ВИЧ илдетинин жайылышын кыскартуу үчүн, бардык тарапты сүйлөшүүлөргө тартып, көйгөйдү ачык жана өз-ара түшүнүү жолу менен талкууласа болот», - деп кошумчалады ал.
ӨКМӨТ ЧАРА КӨРҮҮГӨ КИРИШҮҮДӨ
Аймактагы өлкөлөр илдетти таратууда мигранттар кооптуу топ экендигин түшүнө башташты. Алар бул жаатта калктын маалымдуулугун көтөрүү максатында атайын иш-чара өткөрүшү керек.
Хамидова Тажикстанда эмгек мигранттарынын аялдары беш категорядагы аялдардын бир категориясына кирээрин жана алар төрөт үйлөрүндө же каттоодо турган дарыгеринде милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүшөөрүн белгиледи.
«Бул тестен өтпөгөндөрдү дарыгер көрүүдөн баш тартат. Өткөн жылы бардык медициналык мекемелердин ВИЧ илдетине карата экспресс-анализ жасоочу техника менен камсыздалышы илдетке кабылгандарды аныктоо иштерин жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. Илдетти жугузуп алгандар баңгизатты ийне менен колдонгон эркектердин аялдары, баңгизатты өзү колдонгон аялдар жана сойкулук менен алектенген аялдар», -деди ал.
Эсенамановдун айтымында, Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттөрү өздөрүнүн ВИЧ илдети боюнча мамлекеттик стратегиясында эмгек мигранттарына өзгөчө көңүл бөлө башташкан. Ал жетектеген уюм Кыргыз жана Тажик бийликтери тарабынын натыйжалуу жоопторду алган жана учурда негизги көйгөй ВИЧ илдетинин жайылуусун кыскартуунун натыйжалуу жолдорун табуу болууда.
Өзбекстанда жакынкы күндөрү кабыл алынган мыйзам боюнча ВИЧ илдетине карата тест бекер жана жашыруун өткөрүлөт. Бирок мигранттарга өзгөчө категория катары көңүл бөлүү негизги милдет.
«Өзбек бийлиги эмгек мигранттарын баңгизатты колдонгон адамдар жана сойкулук менен алектенген аялдар сыяктуу кооптуу топ катары карабайт. Ошондуктан ал топко карата ВИЧ илдетин текшерүү, каттоого алуу жана алдын алуу иштери милдеттүү түрдө аткарылбайт», - деди Өзбекстандык аналитик.
Өзбекстандык укук коргоочунун айтымында, өкмөттүн ВИЧ илдетинин жайылышына каршы күрөшүү аракетине карабастан, көйгөйгө тиешелүү маалыматка жана статистикакалык көрсөткүчтөргө карата катуу чектөөлөр бар. Бул көйгөйдү калкка түшүндүрүүгө багытталган басма баракчаларды бийлик «порнографиялык» мүнөздөгү материал деп күнөөлөдү.
Өзбекстандагы психолог Максим Поповдун ийне жана жыныстык канаш аркылуу таралуучу бул илдет жөнүндө жаштардын маалымдуулугун жогорулатууга багытталып жазылган китеби балдарды баңги заттарды колдонууга чакырган, ошондуктан бул мыйзамсыз деп эсептеп, ал үчүн китептин автору сот жообуна тартылып жети жылга эркинен ажыратылган. Попов «Изис» аттуу топту жетектеген. “Ал топ ВИЧ/СПИД илдетин ооздуктоо боюнча баңгизат колдонгондор жана секс-кызматкерлери менен иш алып барган, ошондой эле баңгизат колдонуучулар үчүн ийнени алмаштыруу боюнча программа жүргүзгөн.
Борбордук Азиядагы донордук уюмдар жакынкы күндөргө чейин эле мигранттарды приоритеттүү топ катары карашкан эмес. Учурда абал өзгөрдү, бир катар эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар ВИЧ илдетинин жайылышын ооздуктоо боюнча, аларга чыккан бардык тараптар менен биргеликте иш алып барууда. Бул тууралуу IWPRга Эсенаманов билдирди.
«Долбоордун башталганына бир жыл болсо да, көптөгөн натыйжалуу жыйынтыктар бар. Бул долбоорду улантууга жана анын масштабын кеңейтүүгө мүмкүн деген биздин үмүтүбүздү жаратууда», -дейт ал.
ООНдун Глобалдык фондунун ВИЧ/СПИД, туберкулез жана малярея ооруларына каршы күрөшүү долбоорунун координатору Бонивур Ишемкулов, бир катар бейөкмөт уюмдар башка кооптуу топтор менен катар мигранттарга да өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын айтты.
Мигранттар арасында ВИЧ илдетин ооздуктоо долбоору, ВИЧ илдетин көзөмөлдөө боюнча Борбор Азиялык долбоордун бир бөлүгү катары, өткөн жылдын декабрында ишке киргизилди. Анын бюджети 27 миллион долларды түзүп, ал Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана эл аралык өнүгүүнүн Британиялык департаменти тарабынан каржыланат. Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдөгү Билим берүү борбору Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстандын өзүндө иштин жүрүшүн координациялап турат.
Ал эми Кыргызстанда Аялдар Конгресси тарабынын ВИЧ илдетин ооздуктоо боюнча үстүбүздөгү жылдын февраль айынан жүзөгө ашырыла баштаган долбоор, маалыматты түздөн-түз мигранттарга берип туруу максатын көздөйт.
«Биздин машыктыруучу-тренерлерибиз базарларга, аба майдандарына жана темир жол станцияларына барышып, атайын маалымат баракчаларын таратышууда. Максат мигранттардын бул илдет жана андан сактануунун жолдорун билип-түшүнүүсүнө жардам берүү болуп эсептелет», - дейт аялдар Конгрессинин өкүлү.
Сурамжылоого алынган талдоочулардын көпчүлүгү, калктын бул илдет тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу иш-чаралары зарыл экендигине карабастан, бул акча табуу үчүн чет мамлекеттерге чыгып жатышкан өзбектер, кыргыздар жана тажиктер кооптуу деп эсептелген топтор менен эсептешиши керек дегенге жатпай тургандыгын баса белгилегенге аракеттеништи.
Дарыгер Фаромузова, «мигранттар – жумушчу күчүнүн бир топ демилгечи тобу, алар басмырлоонун, коркунучтун жана шермендечиликтин мишени болуп калбашы керек», - деген оюн билдирди.
«Алар өз үй-бүлөсүн камсыздап жатканы аз келгенсип, өлкөдөгү социалдык чыңалууну төмөндөтүп жатканы аз келгенсип, алар өз мекенинин өнүгүшүн камсыз кылып жатканы аз келгенсип, аларга
ушундай жардыкты таңуулоо туура эмес», - деди ал.
Замира Акбагышева мындай пикирди колдойт. «Биз мигранттарды садага чалбашыбыз керек. Биз алар менен ачык иштешишибиз керек», - деди ал.
Дина Токбаева, IWPRдын кыргызстан боюнча редактору. Бексултан Садыркулов – Бишкектеги кабарчынын жашыруун аты, жана Аслибегим Манзаршоева – IWPRдын атайын тренингинен өткөн Душанбедеги журналист.
Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.