Кыргызстандын жаңы бийлиги чакырык таштады

Жаңы өкмөттүн каршылаштары өлкөнүн түштүгүндөгү облустук администрациянын имаратын басып алуу аракетин жасап жаткан мезгилде, Убактылуу өкмөттүн туруштук берүү мүмкүнчүлүгү сыноодон өтүүдө.

Кыргызстандын жаңы бийлиги чакырык таштады

Жаңы өкмөттүн каршылаштары өлкөнүн түштүгүндөгү облустук администрациянын имаратын басып алуу аракетин жасап жаткан мезгилде, Убактылуу өкмөттүн туруштук берүү мүмкүнчүлүгү сыноодон өтүүдө.

Supporters of the Kyrgyzstan government gathered in Jalalabad to oppose the seizure of the provincial governor’s office. (Photo: Ilya Lukashov)
Supporters of the Kyrgyzstan government gathered in Jalalabad to oppose the seizure of the provincial governor’s office. (Photo: Ilya Lukashov)
Pro-government crowd outside the regional administration in Osh. (Photo: Isomidin Ahmedjanov)
Pro-government crowd outside the regional administration in Osh. (Photo: Isomidin Ahmedjanov)
Ata Meken party members turned out to oppose those who had temporarily taken over local government offices in Osh. (Photo: Isomidin Ahmedjanov)
Ata Meken party members turned out to oppose those who had temporarily taken over local government offices in Osh. (Photo: Isomidin Ahmedjanov)
Friday, 14 May, 2010

13-майда Ош шаарында митингге чыккандар облустук администрациянын имаратын басып алышты жана өлкөнүн түштүгүндө абал курч бойдон калууда.

Өлкөнүн түштүгүндөгү үч шаарда уюштурулган каршылык көрсөтүү митингдеринин болушу убактылуу өкмөттүн каршылаштарынын контрреволюция жасоо аракети катары каралууда. Курманбек Бакиевди бийликтен кулаткан 6-7-апрелдеги баш- аламандыктардын жардамы менен бийликке келген Убактылуу өкмөттүн бийликте турганына бир айдан көбүрөөк убакыт болду.

Роза Отунбаева башында турган жаңы жетекчилик бул окуялардын артында кимдер тураарын билишээрин айтып чыгышты. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бул баш-аламандык бакиевчилер тарабынан өлкөдөгү социалдык жана саясий абалды туруксуздаштыруу, өч алуу максатында уюштурулду.

14-майда мурда президент Бакиевдин администрациясын жетектеген Үсөн Сыдыков Ош облусунун Ноокат районунда кармалган. Прокуратура Үсөн Сыдыков Оштогу баш- аламандыкты уюштурган деген күнөө коюп, ага карата кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев Ү.Сыдыков менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деген айып менен кармалган.

13-майда Ош шаарында жүздөгөн адамдар шаардык администрациянын имаратына кирип барышып, Мамасадык Бакировду губернатор деп жарыялашкан. Мамасадык Бакиров Бакиевдин учурунда бул кызматты ээлеп турган эле.

Кыргызстандын Утурумдук өкмөтү тарабынан дайындалган учурдагы губернатор Сооронбай Жээнбеков сүрүлгөн калың элдин тобун имараттын ичине коё берүүгө аргасыз болгон. Анын айтымында, бул каршылашкан эки тараптын ортосунда кагылышууларды болтурбоо максатында жасалган.

Ош шаарындагы каршылык көрсөтүүлөр, кыска кагылышууларды эске албаганда, зордук зомбулуксуз өттү. Ошол эле күнү кечке маал митингге чыккан бакиевчилер менен өздөрүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүбүз деп жарыялаган жаштардын ортосунда майда кагылышуулар орун алган жана полициянын кийлигишүүсү менен кагылышуулар токтотулган.

Ушуга окшогон эле окуя Кыргызстандын түштүгүндөгү дагы бир башка облус – Жалал-Абадда орун алды. Облустук администрациянын имаратынын алдында топтолгон эки миңге чукул Бакиевдин жактоочулары имаратка кирип барышып ээлеп алышкан.

Ал эми аймактагы эң кичинекей Баткен облусунда болуп өткөн окуялар тууралуу кайчы маалыматтар келип түштү. Чындыгында кээ бир каршылык көрсөткөндөр администрация имаратына кирип барышкан жана бир топ убакыт алар имараттын ичинде болушуп губернаторлукка Асамидин Ташовду шайлоого аракеттенишкен. Ташов буга чейин облустун райондорунун биринде аким болуп турган.

Убактылуу өкмөт коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Исмаил Исаковду Кыргызстандын түштүк региону боюнча атайын өкүлү кылып дайындап, ошол замат ал Ош шаарына жөнөтүлгөн.

Окуя болгон күндүн эртеси, 14-майда Ош шаарына ички иштер Министрлигинин армиясы жана аскерлери жөнөтүлгөндүгү тууралуу маалымат келип түштү. Бакиров жана анын жактоочулары имараттан сүрүлүп чыгарылып, Утурумдук өкмөт шаардагы абалды толук көзөмөлгө алгандыгын жарыялады. Имараттан сүрүлүп чыгарылгандар менен Убактылуу өкмөттүн жактоочуларынын ортосунда кагылышуулар болуп өттү. Бирок кийинчерээк Бакиевдин жактоочулары кууп таркатылгандыгы жөнүндө 24kg маалымат агенттигине расмий бийликтен кабарлашты.

Жалал-Абад шаарында да бийлик 14-майда шаарды көзөмөлгө алууну өз колуна алууга жетишти.
Ошол эле күнү саламаттыкты сактоо Министрлиги көчөдөгү орун алган кагылышуулардын натыйжасында бир адам мерт кетип, 60 адам жарадар болгондугун кабарлады.

Баткенде көтөрүлүшчүлөргө каршылык көрсөтүү начар болду. Убактылуу өкмөт облустун жаңы губернатору кылып Султанбай Айжигитовду дайындады. Ал Убактылуу өкмөткө каршы чыккандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал көтөрүлүшкө чыккан элдин адамы Ташовду губернатордун орун басарлыгына дайындоо мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бакиевдин жактоочулары тарабынын даярдалып жаткан сокку уруу планы тууралуу шыбыр кеп Кыргызстанда соңку бир нече күндөн бери жүрүп жаткан, бирок алардын иш-аракеттеринин арымын убактылуу өкмөт капысынан колго түшүрдү.

Эгер каршылык акциясына чыккандар чын эле Бакиевдин жактоочуларынан болушса, алардын эңсеген максаты эмне экендигин түшүнүү түйшөлткөн маселе. Бакиев өз бийлиги кулатылгандан кийин көп өтпөй эле өлкөнү таштап чыгып кетти, учурда ал Белоруссияда болууда. Аны кайрадан бийликке алып келүү чындыкка коошпой тургандыгын, - аналитиктер айтып жатышат.

Бишкектеги саясат таануучу Тамерлан Ибраимовдун пикиринде, көтөрүлүшкө чыккандардын артында Бакиев учурунда иштешкен төбөлдөр жана өз кызматтарынан кол жуугусу келбеген кээ бир саясатчылар турат жана алар күч колдонуу ыкмалары менен бийликке кайра келүүгө умтулушууда.

«Менин оюмча, өздөрүнө көңүл бурдуруп соодалашууга баруу аракети түштүктөгү окуянын чыныгы себеби болду», - деди Ибраимов.

Бийликте турган негизги үч партиянын ар кандай кызмат орундарына өз партиясынын мүчөлөрүн же жактоочуларын туташ коюп жатышынан улам, акыркы жумада убактылуу өкмөткө нааразылыктар, мурдагы төбөлдөр тарабынан эле эмес, Бакиев менен мамилеси анча болбогон жарандык коом тарабынан да күчөй баштаган.

13-майда Бакиров ал эски бийликти жактоочу катары эмес, Убактылуу өкмөткө карата элдик нааразычылыктан улам чыгып жаткандыгын жарыялаган. Жаңы өкмөт бардык жерде кызмат орундарын өз жактоочуларына тартып берип жаткандыгын айткан.

Ибраимовдун пикиринде, Кыргызстандагы чиновниктердин кызмат орундары түрдүү булактарга жетүү мүмкүндүгүн ачат.

Орун алган окуяларга карата Убактылуу өкмөт ойдогудай даярдыкта боло алган жок. Ибраимовдун пикиринде Утурумдук өкмөттө ички биримдик жок, милиция тез жана чечкиндүү аракеттерди жасоого даяр эмес.

«Убактылүү өкмөт – бир пикирлештердин тобу эмес, алар тарыхый окуянын эрки менен чогулуп калган адамдардын тобу. Андан сырткары милиция бир топ деморализацияланган жана көп жылдык коррупцияланган процесстерден улам начарлаган», - деди Ибраимов.

Мындай пессимисттик баа берүүгө карабастан, Т Ибраимов Убактылуу өкмөткө Бакиевдик администрация тарабынан коркунуч бар деген ойдон алыс.

Анын пикиринде, Убактылуу өкмөттүн оппоненттери мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн эл тарабынан жеткиликтүү колдоого ээ эмес.

«Бул күчтөр өз катарын олуттуу көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Алар абалды кыска мөөнөттөргө туруксуздаштырууга жетишиши мүмкүн, бирок калк арасынан кеңири колдоо таба алышпайт», - дейт Ибраимов.

Экинчиден, өкмөттүн курамында жакшы кадыр-баркка ээ болгон лидерлер бар. Ошондуктан көпчүлүк эл убактылуу өкмөткө, алар өздөрү айтып жаткан, демократиялык реформаларды жүргүзүүгө убакыт берүүгө даяр.

Ал эми кубаттуу тышкы мамлекеттер жаңы бийлик тарапта болуп, алардын өлкөдө стабилдүүлүктү калыбына келтирүүсүнө кызыктар экендигин айтты Ибраимов. Ал бул мамлекеттердин атын атабаса да, ал мамлекеттердин ичине бир ай мурда жаңы өкмөттү кубаттап чыккан жана Америка, Казакстан менен биргеликте Бакиевди өлкөдөн алып чыгып кетүү иш-чарасын уюштурган Россия мамлекети кирээри белгилүү.

Исомидин Ахмеджанов – Кыргызстандагы эркин журналист жана Дина Токбаева –IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда Адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат, жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists