Кыргызстан: Коалицияны оор сыноолор күтүп турат
Жаңы өкмөттүн туруктуу иштеши ага кирген партия лидерлеринин өз ара түшүнүшө билүүсүнө жараша болот.
Кыргызстан: Коалицияны оор сыноолор күтүп турат
Жаңы өкмөттүн туруктуу иштеши ага кирген партия лидерлеринин өз ара түшүнүшө билүүсүнө жараша болот.
Коомчулукту көпкө күттүрүп түзүлгөн кыргыз өкмөтү алгачкы бир нече ай бою өздөрүнүн ролун тактоо менен алек болууда. Серепчилердин айтымында, коалициянын мындай түрдүү курамы алардын алдында турган көптөгөн саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелерин чечүүнү кыйындатууда.
Октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң курамына шайлоонун жыйынтыгы боюнча биринчи жана экинчи орунда турган «Ата-Журт» жана Социал-демократиялык, ошондой эле төртүнчү орунда турган «Республика» партияларынын мүчөлөрүн камтыган министрлер кабинети түзүлдү. Алар парламенттеги 120 орундун 77 орунун түзөт. Бул бийликти түзүүгө керек болгон 50% дан бир топ эле көптүк кылат.
Kоалициядагы өнөктөштөр коомчулук күтпөгөн курамды түзүштү. «Ата-Журт» партиясы 2010-жылдын апрелинде бийликтен кеткен президент Курманбек Бакиевдин ордуна келген убактылуу администрацияга оппозиция катары өткөн жылы түзүлгөн. Алар негизинен «улуттук-патриоттук» позицияны карманышат. Ошол эле мезгилде партия өткөөл мезгилдеги администрацияда негизги кызматтарды ээлеген социал-демократтарга атаандаш катары чыгышкан.
Шайлоодон кийин көпчүлүк серепчилер өкмөттү түзүүдө эки бирикме атаандашат деп жоромолдошкон. Алардын божомолунда, биринчи бирикме «Ата-Журт» партиясы менен шайлоодо үчүнчү орунду алган «Ар-Намыс» партиясынан куралса, ал эми экинчи бирикме мүчөлөрү убактылуу өкмөттүн кызматтарында иштеген «Социал-демократтар», «Ата Мекен» жана жакынкы күндөрдө түзүлгөн «Республика» партияларынан куралмак. Парламентте көпчүлүктү түзүүгө эки топ тең аракеттеништи.
Биринчи жолу түзүлгөн коалиция чындыгында «Социал-демократтар», «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынан куралып, бирок ал биринчи эле тоскоолдуктан кийин өз жашоосун токтотту. Анткени коалицияга кирген партия мүчөлөрүнүн айрымдары жашыруун добуш бере келишкенде спикердин талапкерлигин колдобой коюшту.
Сүйлөшүүнүн экинчи этабында учурдагы коалиция түзүлдү. Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен «Социал демократиялык» партиянын жетекчиси Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы, «Ата-Журт» партия жетекчилеринин бири Акматбек Келдибеков спикер, «Республика» партиясынын башчысы Өмүрбек Бабанов биринчи вице премьер-министр болуп шайланышты.
Мындай курамдагы өкмөт түзүү Кыргызстан соңку мезгилдери туш болгон көптөгөн татаал маселелерди чечүүнүн башталышы десе туура болот.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо мурдагы президент Курманбек Бакиев качып кеткенден кийин башталып, бир нече айга созулган саясий туруксуздуктан кийин өткөрүлдү. Бул аралыкта өлкөдө саясий баш аламандык күч алып, өлкө түштүгүндөгү Ош жана Жалал-Абад шаарларында улуттук кагылышуу оорун алды. Кагылышууда баш аягы 400дөн ашуун адам каза болду.
Ошол эле мезгилде, ансыз да Кыргызстандын алсыз экономикасы ого бетер начарлап, элдин жашоо шартынын оорлошуна өбөлгө түздү.
Аналитиктердин айтымында, жогорудагыдай үч партия ортосунда олуттуу карама-каршылык алардын келечекте биргелешип өлкөнү ушундай кырдаалдан алып чыгуу максатында бирдиктүү план программа иштеп чыгып, аны ишке ашыруудан орун алат. Ошол эле мезгилде, алардын маанилүү маселелер боюнча бирдиктүү бир чечимге келүүсү да абдан эле оор болот.
«Дин, укук жана саясат» борборунун башчысы Кадыр Маликовдун айтымында, коалициядагы партиялар өлкөдө маянанын өлчөмүн көбөйтүү менен катар экономика, коопсуздук жана келечекке байланыштуу бир катар маселелерде бир пикирге келүүсү абдан эле кыйын.
«Ошондой эле партиялар арасында өз-ара биргелешип аракеттенүүнүн бир механизми жок. Партиялардын программаларында айырмачылыктар бар, андан сырткары экономикалык маселелер боюнча, бюджетти түзүүдө пикир келишпөөчүлүктөр оорун алууда. Коалицияга кирген партиялар өз-ара портфелдерди бөлүшүп алышты. Ошондой болсо да алардын арасында бири-бирине ишенбөөчүлүк бар. Мындан сырткары партиялардын арасындагы бири-бирине ишенбеген бир нече топтор да бар», - дейт Маликов.
Эң башкысы, партия лидерлеринин өз-ара түшүнүүчүлүктөрүнөн жана ар бир парламент мүчөсүнүн өзүн алып жүрүүсүнөн көп нерсе байланыштуу.
Бишкектеги «Полис Азия» борборунун аналитиги Павел Дятленконун жоромолунда, бириккен коалицияга ушул кыш жана жаз айларында жеңил болбойт. Коалициянын канчалык узак убакытка иштеши алардын бул аралыкта чет өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан экономикалык жардам алуусуна, борбордук бийликтин жергиликтүү бийлик, бейрасмий топтордун жана тартип коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөлдү канчалык деңгээлде орното алуусуна жараша болот.
Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүндөгү бирден бир жакшы нерсе катары анын декабрь айынын соңунда Москвага болгон иш сапары учурунда Кыргызстанга келүүчү күйүүчү майга болгон экспорттук төлөмдөрдү 2011-жылдын 1-январынан тартып алып салууга жетишүүсүн айтууга болот.
Ошондой эле, Дятленко бириккен коалиция учурда кыш мезгилин эске алганда 2011-жылдын октябрь айына чейин, же болбосо, президенттик шайлоого чейин жашайт деп жоромолдойт.
Жаңы парламенттин эң маанилүү иши бул экономикалык жана коопсуздук маселелери экендиги айдан ачык.
Буга байланыштуу Кадыр Маликовдун пикиринде, учурда көңүл бурула турган маселе, биздин өлкөгө башка жактан согушкерлердин басып кирүү коркунучу болуп саналат. Үстүбүздөгү жылдын 5-январында Бишкектин чет жакасында ислам радикалдык кыймыл мүчөлөрүн кармоо операциясы учурунда үч куралдуу адам жана бир милиция кызматкери каза болду.
Мындай топ үч милиция кызматкеринин өлүмүнө алып келген 30-ноябрда 7-апрель окуясында атуулдарды атууга тиешеси бар делингендерди соттоо жараяны жүрүп жаткан мезгилде орун алган жардырууга тиешеси бар экендиги айтылууда.
Борбор Азиядагы Америка Университетинин Эл аралык салыштырмалуу саясат кафедрасынын ага окутуучусу Медет Тюлегеновдун оюнча, мындай оор абалга карабай жаңы өкмөт жана коалиция мүчөлөрү келечекке ишенүү менен карап, өкмөттүн натыйжалуу иштөөсүнө үмүттөнүшөт.
Ошондой эле, Тюлегеновдун айтымында, коалиция качан июнь окуяларын иликтеген парламенттик комиссиянын отчёту угулганда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушу толук ыктымал.
Буга чейинки июнь окуясы боюнча парламенттик талкуу учурунда социал-демократтардын айрым мүчөлөрү кандуу кагылышуу учурунда бийлик башында турушуп аны алдын алуу үчүн жетишээрлик чара көрбөгөндүгүнө байланышуу бир катар сын пикирлерге дуушар болушту. «Ата-Журт» мындай мезгилде талкуунун экинчи жээгинде болушат. Анткени алар июнь окуясы мезгилинде бийликте эмес эле жана жабырлангандарга гуманитардык жардам берүү менен алек болушкан.
Ошентип учурда өкмөт өзүнүн биринчи сыноосунан өтүүдө. Анткени январь айынын соңунда өлкө мугалимдери маяналарын төрт эсе жогорулатуу максатында иш таштоого чыгышкан. Өткөн айда Кыргызстан боюнча иш таштоого миңдеген мугалимдер катышышкан.
Ошол эле мезгилде, өкмөт мугалимдердин айлыгын алар талап кылган деңгээлде көтөрө албастыгын тастыктоодо.
Ал арада саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери да маяналарын көтөрүүнү талап кылган билдирүү менен чыгышты.
Эмир Кулов – IWPRдын Кыргызстан боюнча редактору, Дина Токбаева – IWPRдын Борбордук Азия аймагы боюнча редактору. Кошумча маалымат Kloop.kg порталынын кабарчысы Аскар Эркебаев жана IWPRдын атайын тренингинен өткөн Бишкектеги журналист Тимур Токтоналиев тарабынан берилди.
Макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.
Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.