Кыргыз саясатчыларынын шайлоо өнөктүгү Интернетте чагылдырылуусу

Саясий партиялар жаштардын добушун алуу үчүн тармактык сетти колдонушту.

Кыргыз саясатчыларынын шайлоо өнөктүгү Интернетте чагылдырылуусу

Саясий партиялар жаштардын добушун алуу үчүн тармактык сетти колдонушту.

Партии используют Интернет, чтобы привлечь молодежь. (Фото: Игорь Коваленко)
Партии используют Интернет, чтобы привлечь молодежь. (Фото: Игорь Коваленко)
Saturday, 9 October, 2010

Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө атаандаш партиялар өлкө тарыхында биринчи жолу тармактык сетти жана блогдорду колдонушкандыгына жарандар өздөрү күбө болушту. Серепчилердин айтымында, Интернет-активдүүлүктүн дуу салып өнүгүшү окурман жаштардын добуштарын тарта албаса да саясатта активдүү делген жаштардын арасында кызыгууларды күчөтүшү мүмкүн.

10-октябрга белгиленген шайлоодон бир ай мурда атаандашуу жанданып, бир катар партия лидерлери сайттарда, Facebook жана Twitter тармактык сеттерине катталышкан.

Бул таң калаарлык өзгөрүш, анткени кечээ күнгө чейин эле шайлоого катышууга катталган Кыргызстандагы 29 партиянын ичинен кээ бирлеринин эле веб-сайттары болгон. Ошого карабастан алардын айрымдары тармактык сеттерде жана блогдордо активдүү катышышты. Алардын ичинен учурдагы президент Роза Отунбаева, мурдагы социал-демократ Бакыт Бешимов жана «Айкөл-Эл» партиясынын лидери Эдил Байсалов сыяктуу адамдарды көрсөтө кетсе болот.

IWPRга берген маегинде «Акшумкар» партиясынын лидери Темир Сариев, Интернет-муунуна – мыкты билимдүү шайлоочулар классына кайрылуунун маанилүүлүгү тууралуу айтып берди.

Мурдагы бийлик апрелде маалыматты жаап-жашыргандыктан коомдук каршылык көрсөтүүлөр жыйынтыгында Курманбек Бакиевдин өз кызматынан кулатылышына алып келди, бул жерде тармактык сеттердин сайттарынын ролу жогору болду.

«Twitter», мисалы, акыркы революциянын мезгилинде өлкөдө орун алып жаткан окуялар тууралуу маалымат алуунун дээрлик жападан-жалгыз жана эң ыкчам булактарынын бири болуп калды.

25-сентябрда Сариев Интернет-активистери менен жолугушуу өткөрдү. Бул коомчулукта кеңири талкууну жаратты. Саясатчы Facebook жана Twitter_ди шайлоодон кийин сейрек болсо да колдонууну улантаарын пландап жаткандыгын билдирди.

Кыргызстанда саясатчылардын ичинен өзүнүн блогун биринчилерден болуп ишке киргизген Эдил Байсалов, мындай сайттарды колдонуунун артыкчылыктарын жакшы билет, бирок ошону менен бирге бул булактар учурдагы активдүүлүктөн кийин да туруктуу саясий курал болуп калаарына ишене бербейт.

“Жашылдар” партиясынын лидери Наргиза Абдылдаева акыркы эки жылдан бери, тактап айтканда мурдагы бийлик анын веб-сайтын жаап салгандан тарта, өз партиясынын атынан блог аркылуу иш жүргүзөт. Ал бул блогду “Жашылдар” партиясынын жаштарга кайрылуу платформасы катары карайт.

«Ата-Журт» партиясы Кыргызстандын түштүгүндөгү калктын кызуу колдоосунан түзүлгөн жаңы партия. Алар интернетти өздөрүнүн саясий идеяларын өлкө ичинде жана чет жакада иштеп жүрүшкөн жүз миңдеген кыргыз мигранттарынын ичинде жайылтуунун натыйжалуу ыкмасы катары колдонушат.

«“Ата-Журт” – оппозициялык партия болгондуктан, ага маалыматты калктын калың катмарына жеткирүү үчүн телевидениени жана башка массалык маалымат каражаттарын колдонуу бир топ кыйындыкка турат», - деп билдирди партиянын маалымат кызматы IWPRдын суроолоруна жооп берип жатып.

Серепчилер тармактык сеттердин сайты – бул маалыматты таратуунун өзгөчө жаңы куралы экендигине кошулушат, бирок кээ бирлери, партиянын Facebook сайтындагы беттерине жөн эле кызыгып киргендер менен бул партияга өз добушун берген шайлоочулардын ортосунда чоң айырма бар экендигин белгилешет.

Абдылдаева Интернет колдонуучулардын санынын өсүшүн маанилүү деп эсептеп, ошол эле мезгилде бул Кыргызстандагы басылмаларга жана телерадио ММКларына коомчулуктун ишенбегендигин чагылдырат деп бекем ишенет.

Эркин сооданын Борбор-азиялык институтунун Директору Мирсулжан Намазалиев, тармактык сеттердин сайттары саясатчыларга электораттын маанилүү бөлүкчөлөрү – шаардык шайлоочулар, жаштар жана коомдук ой-пикирди түзгөн журналисттер, жарандык коомдун активисттери сыяктуу инсандар менен байланышууга мүмкүндүк ача тургандыгын билдирди.

Бирок шайлоолордо партиялар менен иштөө тажрыйбасы болгон пиар менен алектенгендер (ПИАРЩИК), маалыматты жайылтуунун жаңы ыкмасы шайлоочулардын көпчүлүк добушун тарта алаарына ишене беришпейт. Азимов белгилегендей, Кыргызстанда шайлоодо партиянын жеңип чыгышы үчүн «бир канча жүз миңдеген добуш керек», жалгыз гана Интернет-аудиторияга таянуу менен шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүн эмес.

Казакстандагы «Казконтент» компаниясынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын 5,5 млн. адамды түзгөн жалпы калкынын эки миллионго жакыны тармактык сетти колдонушат. Муну менен Кыргызстан чөлкөмдөгү коңшу мамлекеттерге караганда интернетти колдонуу боюнча лидер болуп калууда.

«Интернет-саясаты Жарандык демилгеси» коомдук фондунун кызматкери Сергей Макаров Интернеттин эки артыкчылыгын баса көрсөтөт: биринчиден, анда маалыматты жайгаштыруу арзан болсо; экинчиден, ал ММК сыяктуу белгилүү эрежелерге багындырылбайт.

«Кыргызстанда Интернет расмий ММК макамына ээ эмес, саясатчылар Интернетте каалаган маалыматты жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ», - дейт Макаров жана интернетке караганда басма массалык маалымат каражаттарына жана телевидениеге жарнамаларды жайгаштыруу бир топ кымбат экендигин кошумчалады ал.

Коңшу Казакстандан айырмаланып Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин Интернетти көзөмөлдөөчү мыйзамды кабыл алуудан кетенчиктеп келет.

Кандай болгон күндө да, «тармактык сеттердин сайты келечекте саясатчылардын ишинде жакшы өзгөрүүлөрдүн болушуна түздөн-түз таасир бере алат», - деген божомол бар. Интернет партияларга алардын өлкө элитасынын бир бөлүгүн түзүүчүлөр менен байланышып алардын келечекте өз жактоочуларынын жана шайлоочуларынын тобун түзүүгө мүмкүнчүлүк ачат.

«Коом өзгөрүүлөрдү күтүүдө». Жаштардын көпчүлүгү саясатка келе жатышат. Мен биз келечекте Интернет коомчулугунун саясатка тийгизген таасирин, бул шайлоодо болбосо да, кийинки шайлоодо көбүрөөк сезе баштаарыбызга ишенем», - деди саясатчы Марс Сариев.

Бишкектеги университеттердин биринин студенти Асел, Интернет аркылуу саясатчылар менен түз баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу ага өтө кызыктуу болгондугун, IWPRга айтып берди.

«Эми мен алар менен Skype аркылуу сүйлөшө алам. Теле берүүлөргө караганда турмушта алар бир топ жагымдуу адамдар экен», - дейт ал жана учурдагы саясатчылардын Интернет-активдүүлүгү анын шайлоого барып добуш берүүгө түрткөндүгүн кошумчалады.

Бишкектик жаштардан Максим Facebook аркылуу шаардын мурдагы мэри Нариман Түлеевден достошуу сунушун алганда өтө таң калгандыгын, бирок ал баары бир шайлоого барбастыгын билдиргендигин айтты.

Илья Лукашов жана Нурайым Рыскулова – IWPRдын атайын машыгууларынан өтүшкөн журналистер. Дина Токбаева – IWPRдын Кыргызстандагы редактору.

Бул макала Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу «Массалык маалымат каражаттары аркылуу Борбор Азияда адам укугун коргоо жана укук таануу» жана Норвегиянын тышкы иштер министрлиги тарабынан каржылануучу «Укук коргоо маселелерин, карама-каршылыктарды жана ишенимдин бекемделишин чагылдыруучу маалымат программасынын» чегинде Согуш жана бейпилдикти чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан даярдалды.

Макаланын маңызына толук жоопкерчиликти IWPR алат жана макала Европа шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жана Норвегиянын тышкы иштер Министрлигинин эч биринин кызыкчылыгын чагылдырбайт.

Kyrgyzstan
Frontline Updates
Support local journalists