Кыргызстандагы “чарчаңкы” шайлоо өнөктүгү
Саясий оюндардан чарчаган шайлоочулар жана убакыттын аздыгы талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн чектөөдө.
Кыргызстандагы “чарчаңкы” шайлоо өнөктүгү
Саясий оюндардан чарчаган шайлоочулар жана убакыттын аздыгы талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн чектөөдө.
Иш жүзүндө өнөктүк талапкерлердин четтен тыш жүрүм-турумусуз, көпчүлүктүн көңүлүн бурган көчө жүрүштөрүсүз жана эч кандай таң калтыруучу жарыялоолорсуз, жаңжалдарсыз, тынч өтүүдө.
Шайлоо күнү үч ай мурун, шайлоо 2009 же 2010-жылы өтүшү керекпи деп көпкө созулган талаштардан кийин 23-июлга белгиленген болчу(бул боюнча Кыргызстандагы күтүүсүз шайлоо, RCA №570, 20-март 2009-жыл деген шилтемеде окуңуз).
Андыктан, оппозициянын ишке киришип, президентке атаандашты аныктоого убактысы чектелип калган.
Алты талапкердин ичинен Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө кетип жаткандыктан, күчтүү талапкер болуп эсептелет. Ал 2005-жылдын март айындагы Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон элдик көтөрүлүштөн кийин, ошол эле жылдын июль айында президент болуп шайланган.
Бакиевдин башкы оппоненти болуп Бириккен элдик кыймыл (БЭК) оппозициялык блок тарабынан бирдиктүү талапкер катарында көрсөтүлгөн, Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев эсептелет.
Атамбаев 2007-жылы Бакиевдин командасында оппозиция мүчөлөрүн таркатууну көздөгөн аракеттери учурунда премьер-министр болуп иштеген. Оппозициянын айрым мүчөлөрү Атамбаевдин премьер-министр кызматына макулдук беришине нааразы болушкан. Анын оппозициядан бирдиктүү талапкер катары чыгышы«Ак Шумкар» партиясынын лидерин өзүнүн талапкердигин оппозициядан тышкары коюуга аргасыз кылган ( Кыргызстандагы оппозициялык бирикменин катарындагы бөлүнүү, RCA №576, 9-май 2009-жыл).
Башка талапкерлердин катарында коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдардын ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, дарыгер-нарколог Жеңишбек Назаралиев жана «Жоомарт» патриоттук кыймылынын лидерлеринин жана Кыргызстандагы мусулмандар союзунун жетекчилеринин бири Нурлан Мотуев бар. Нурлан Мотуев 2006-2007жж. бийликке чакырык жасап көмүр шахтасын басып алган жана бул факт боюнча тергөө иши жүргүзүлүп, бирок сот иши болгон эмес.
Учурдагы президент бийликте калуу ниетин билдирип, оппозиция аны менен тирешүүгө адаттан тыш биримдүүлүктү көрсөтүп жаткандыктан, көпчүлүк баяндамачылар Бакиевдин башкаруусунун алгачкы жылдарындагыдай демонстрациялар менен коштолгон дуулдаган өнөктүктү күтүшкөн. Ага карабастан, өнөктүк бүгүнкү күндө басаңдатылган түрдө өтүүдө.
Кыргызстандык медиа байкоочу жашырындык шарттарда «Атамбаев Бакиевдин башкы оппоненти катарында олуттуу күрөш жүргүзгөн жок», - деп билдирди IWPR үчүн жасаган маегинде.
«Азыркыга чейин анын билдирүүлөрүндө башкы ураан жок. Атамбаевдин месседжи кандай экендигин айтуу оор. Мисалы Назаралиевдики - жаңы (улуттук) желек жана ар бир үй бүлөгө 100 миң сом. Сариевдики - анын бекемдиги», - дейт аналитик.
Бакиев талапкердик иш-чарага караганда президенттик активдүүлүктү көбүрөөк көрсөтүүдө. Шайлоо алдындагы күрөш расмий түрдө ачылгандан баштап, президент өлкө боюнча бир канча имараттардын ачылуу салтанаттарына катышып, жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Анын сапарлары «Бакиев өзүнүн расмий абалын саясий максаттарга жетүү үчүн колдонуп жатат» деп шектенишкен укуккоргоочулардын жана оппозиция мүчөлөрүнүн нааразылыгын жаратты.
Укуккоргоочу уюмдар Конституциялык сотко доо арызы менен кайрылышып, шайлоо алдындагы өнөктүктүн жүрүшүндө башка талапкерлер менен мүмкүнчүлүк теңдөө үчүн Бакиевди убактылуу кызматтан бошотууга аракет кда жасашты. 30-июнда сот Бакиевдин ишмердүүлүгү шайлоочулардын укугун бузган жок деген негизде доо ишин жапкан.
Өлкө президенти атаандаштарына карганда маалымат айдыңында көбүрөөк чыгууда.
«Медиа өкүлчүлүк институту» бейөкмөт уюмунун электрондук жана басма сөз жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, шайлоо өнөктүгүнүн биринчи жумалыгында телеберүүлөр боюнча Бакиевдин гана жарнамалары көрсөтүлгөн.
Атамбаев менен Назаралиев жарнамалык жарнактардын ээлери үгүт плакаттарын илүүгө орундарды сатуудан баш тарткандыгын белгилешип, нааразылык билдиришкен.
Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын (БШК) мүчөсү жана талапкерлер менен иштөөчү жумушчу топтун жетекчиси Самат Бөрүбаев бардык талапкерлерге бирдей эфирдик убакыт бөлүнгөнүн белгилейт. Ал талапкерлерге кошумча эфирдик убакытты сатып алууга уруксаат берилгендиктен, маалымат айдыңында көрсөтүлүү жыштыгы ар бир талапкердин өздүк корунан көз каранды деп кошумчалайт.
«18-июнда үгүт өнөктүгүнүн башталышынан тарта ар бир талапкерге күн сайын 10 мүнөт акысыз убакыт бөлүнөт. Кыргызча жана орус тилинде 50 секунддан. Ошондой эле, ар бир талапкердин шайлоо программасын шайлоочуларга тааныштыруусу үчүн 15 мүнөттүк бекер теле эфирдик убактысы болот. Кошумча акысыз тегерек столдор, дебаттар да бар», - дейт ал.
2-июлда БШК талапкерлердин шайлоо корлору жөнүндө маалыматтарды жарыялаган. Андан Бакиевдин кору 35 млн. сомду (800 миңдей АКШ акчасы) түзөөрү ачыкталды. Анын 14 миллиону бүгүнкү күндө чыгымдалган. Ал эми, Атамбаевдин кору 4 млн.сомду түзүп, анын жарымы сарпталган. Калган талапкерлердин кору жарым миллион сомду түзгөн.
Медиаэксперт Игорь Шестаковдун ою боюнча, «Бакиевдин телекөрсөтүүдө башкаларга караганда бат-бат берилүүсү адатагы иш».
«Учурдагы өлкө башчысынын кайрадан шайланаарын жышааналаган сценарий», - дейт ал.
Шестаковдун айтымында, талапкерлердин амбицияларынын чектелишине убакыттын тардыгы себеп болгон.
«Бардык талапкерлер шайлоо өнөктүгүндө орчундуу учурларга басым жасашты. Өнөктүк окуялардын агымында, терең ачылып, өнүктүрүлгөн жок. Анын ордуна аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларга көбүрөөк көңүл бурушту», - дейт Шестаков.
Анын белгилөөсүндө, электорат саясаттан четтеп, чектелген көз карашка ээ.
«Бүгүн күндө шайлоочулардын талаптары айкыныраак болуп калды. Эгер, талапкер алардын тиричилик көйгөйлөрүн – жолдорду оңдоп, инфраструктураны жакшыртып берем деп сөз берсе, бул аларга жетиштүү», -дейт медиаэксперт.
Убакыттын тардыгы талакерлерди шайлоо боюнча чет элдик адистерден кеңеш алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Президентке ат салышкан талапкерлердин, жада калса, Бакиев менен Атамбаевдин штабдары да жергиликтүү адистердин күчтөрү менен иштеп жатышкандыгын билдиришкен.
Бакиевдин штабы колдонгон ыкмалар менен жакшы тааныш саясий технологиялар боюнча эксперт IWPRга консультанттардын иштери байкалбагандыгын айтты. Ал Бакиевдин тобу «баары бир ута турган болгондон кийин чектен тыш аракеттердин не кереги бар?» деген түшүнүктө экендигин жашырындык шарттарда билдирген.
Шестаковдун белгилөөсүндө, шайлоодогу технологиялык өнүгүүнүн бир белгиси - айрым талапкерлердин, өзгөчө Назаралиевдин Интернет булагын колдонуусу.
«Бул жаңы жышаан. Мурун баардыгы телеберүү, радио жана басма сөз аркылуу жүрүүчү», -дейт ал.
Шестаковдун айтымында, Кыргызстанда Интернетти көбүнчө шаар жергесинде колдонушкандыктан, айыл жергесинде электораттын колдоосун алуу үчүн ал анча эфективдүү болбошу мүмкүн.
Азамат Качиев жана Урматбек Ташматов - IWPRда тренингден өткөн журналисттер